Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына барды.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.
Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышат.