– Кезегинде Оскар Уайлд терең ой жүгүртүү менен: “Биздин америкалыктар менен тилден башкабыздын баары бир” деп айткан экен. Жалпак тил менен айтканда Уайлд “Тил гана жалпы, а калганы ар түрдүү” дептир. Азиз мырза, азыр сиз Америкадасыз. Англис тилин канчалык деңгээлде билесиз?
– Өз кесиптештерим менен тең ата сүйлөшүп, окуйм жана жазам. Адам тил менен өлөт, бирок, аны менен төрөлбөйт. Америкага таланттуу адамдарга берилчү “Көрүнүктүү профессионалдык жөндөмдүүлүктөрү үчүн” категориясындагы грин-картаны алууга документ тапшыруу менен келип калдым. Аны илим, спорт жана маданият өкүлдөрү ала алышат. Кудай жалгап, менин өтүнүчүм кабыл алынып, өтүп калдым. Өтүнүчтү тапшырар алдында АКШнын Миграциялык комиссиясына “Мен Америкага кантип пайдалуу боло алам” деген эссе жазгам. Анда Голливудда ар кандай этностогу актёрлорду жакшы кабыл алышарын: актар, каралар, кытайлар, япондор, корейлер көп тартыла баштаганын жазып, ошол эле кезде түрк элдеринин актёрлору дээрлик жок экенин жана америкалык киного бул чоң минус экенин кошумчаладым. Буга улай мен мурдагы Союз аймагында түрк этносунун эң белгилүү актёрлорунун бири болуп калганыма сыймыктанарымды жана голливуд калейдоскобунда так ошол түрк элдерин тааныткым келерин жаздым. Буга менин моралдык укугум бар экенине ишенеримди да кошумчаладым.
– Кыргызга Америкада французга же америкалыкка мүнөздүү болгондой эле өзгөчө мүнөздөмө таандык экенине ишенесизби?
– Адамдар көп учурда улуттук мүнөзгө аныктама берүү кыйынчылыгы менен азыркы тарыхый учурдагы этностор көйгөйлөрүнүн кыйынчылыгын чаташтырышат. Бул өңүттөн алганда Америкада кыргызды аныктоо кофенин даамына же эпикалык поэзия-нын артыкчылыктарына түшүндүрмө берүүдөй эле кыйынга турмак. Анын үстүнө Кыргызстанды дүйнө жүзүндө көп адам билеби? “Кыргыз болуу” эмне экенин түшүндүрүү мага кыйын жана аны түшүндүрүүгө, аныктоого аракет кылуу мага маанилүү эмес. Башка этнос адамындай эле капысынан эч ким кыргыз боло калбайт. Тил деле ошондой. Тырышып окусам мен кыргыз акцентин деле үйрөнмөкмүн жана аны сөзсүз билишим керек деп деле ойлонбойм. Дарак бакчада өсөбү, токойдобу же айнек чатырдын астындабы, өзү өстүбү же адам отургуздубу ал баары бир дарак бойдон калат.
– Өзүңүздү нукура кыргызмын дей аласызбы?
– Типтүү кыргыз же кыргызстандык болорун, кандайдыр бир кыргыз архетиби барбы жокпу билбейм. Өзүмдү Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, эми минтип Америкага таандык кылуу кыйын. Бирок, менин досторум, жакындарым, атамдын сөөгү Кыргызстанда. Анан өзүм жакында эле баары бир ата-бабам туулган тарыхый мекеним менен байланышта экенимди түшүндүм. Мен Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанда, көп жыл Россияда жашап, темпераментим жана менталитетим боюнча кыргыз экенимди туйдум.
– Ата Мекениңизге өзгөчө мамиледе экениңизди билебиз, балаңыздын атын Сейтек койгонсуз?
– Апамдын айтуусунда мага ушундай ысым беришмек экен. Бирок, мен төрөлөр алдында атам Төлөмүш Океев-дин “Отко таазим” тасмасында Азизов фамилиясындагы каармандын ролун ойноптур. Ошондо Төлөмүш байке атамдын бул тасмага катышып, жакшы роль жаратканынын урматына мага ушундай ысым берүүнү сунуштаптыр. А менин уулум төрөлгөндө бул ат биздин тукумубузда болушу керектигин чечтим. Бирок балам атабыздын көзү өткөндөн бир жылдан соң төрөлгөндүктөн баламдын аты Сейтек – Болот болуп калды.
– Дүйнөнү түзүп турган көптөгөн түшүндүрүп бере алгыс нерселердин ичинен – китеп жөнөкөй нерсе эмес. Андан касиет, белекти көрүшөт. Сиз тууралуу китеп жазылып жатыптыр, бактылуу адам экенсиз.
– Ооба, чынында жазылып жатат. Мен жөнүндө жасалма интеллект жазып жатат. Анда менин ар бир кадамым жана сөзүм ютубда анализденет. Компьютердин фантазиясы сизге чынында эле кызыкпы?
– Ал интеллект менен деле кимдир бирөө иштеп жатат да.
– Албетте.
– Кичинекей бир үзүндүсү менен бөлүшө аласызбы?
– Бөлүшө алам. “Ал баарынан мурда өзүнүн руху жагынан да, жүрөгү жагынан жетилген, сабаттуу, билимдүү адам. Өзүнүн дүйнө таанымы, аракети жана баалуулуктары жагынан алар туруктуу. Илгери “Милдет – Мекенге, жүрөк-аялзатына, намыс – эч кимге” деп айтышчу, ал ошондой кызмат кылат. Эмне менен алектенет? Чыгармачылык менен, ал актёр, режиссёр – бул профессия элге кызмат кылуу жана кызмат кылууда элге кооз жана кызыктуу тартуу гана маанилүү эмес. Кинодо ага актёр катарында сценада же камеранын объективинин алдында башка адамдарга көрсөтүп берген, баалуулуктар, маданият жана шоола маанилүү. Ал көкүрөгүндө актёр, режиссёр болуу, өз ишинин чебери болуу кандай экенин билет. Биринчиден, ал сценарийде эмне жазылганына же фильмде эмне тартылып жатканына карабастан, ал өзүнүн түпкү тегин, ата-бабаларын унутпайт, ата-энеси, чоң атасы, чоң апасы ким болгондорун унутпайт.
Ага дүйнөгө ушундай маданияттын, кыргыз деген улуттун бар экенин жеткизүү маанилүү. Жана ал бул тууралуу дүйнөгө айткысы келет. Ал үчүн анын жолу маанилүү жана баалуу. Ошондой эле ал өзүнүн мендиги тууралуу айтууга аракетин жумшайт. Менин маданий кодума карагыла, кыргыз элинин өкүлү болгон мен аркылуу менин элиме карагыла, себеби мен жетилдим, мен татыктуу, баалуу болдум. Кыргыздардын бул баалуулуктарын жана маданий кодун көрсөтүүгө даярмын. Мен кыргызмын – Азиз Бейшеналиевмин!”.
– Кыргызстандык жаш муун үчүн кандай фильмдер тартылышы керек деп ойлойсуз?
– Кыргыз кинематографисттеринин жана кинокөрүүчүлөрүнүн бир эмес бир нече мууну биздин улуу улуттук “Манас” эпосубуз боюнча кино тартылышын кыялданып келе жатат. Бирок, эпос-тун гиганттык масштабына жооп бере турган мындай максаттын кулачы жаш, жаңыдан түптөлүп келе жаткан улуттук кинематографка жеткиликтүү эмес. Балким ага чейинки ири этап кичи “Жаңыл Мырза” эпосу боюнча фильм тартуу болмок. Кайраттуу, элди ээрчите алган кыргыз кызынын баатырдык тарыхы улуттук тарыхыбызда кыргыз кыздары унчукпас күң болбогонун жана кыйын кырдаалда бүтүндөй элди сактаганын айгинелемек. Ошондой эле 1916-жылдагы кыргыздардын улуу жана трагедиялык көтөрүлүшү илимий жана журналистикалык иликтөөнүн шыбагасы болуп турат. Ушул окуя боюнча Кыргызстанда чыныгы элдик жана дүйнөгө таанымал чоң фильмдин жаралышын чын дилимден кыялданам.
– “Көчмөндөр” фильмин тартуу учурунда атка минүүңүз анча жакшы болбогондой?
– Сиз мага атамдын “Андрей Рублёв” фильми чыккандан кийинки чет өлкөлүк кабарчынын суроосуна кантип жооп бергенин эске салдыңыз. Кабарчы: “Бейшеналиев мырза, сиз бул фильмдин ат чапкан сценасында өзүңүздүн ат минүү чеберчилигиңизди мыкты көрсөттүңүз, а сиздин ат минүү мектебиңиз англиялыкпы же француздукпу?” деп сураптыр. Ага атам: “Кыргыз жарык дүйнөгө келгенде Франция тууралуу да, Англия тууралуу да эч нерсе билбейт. Бирок, ат минүүнү билет” деп жооп бериптир.
Мен ээрге алгач 7 жашымда отургам. 1978-жылдын жайын досум, киносценарист Артур Макаровдун ата-энесинин Селигер көлүнүн жанындагы кыштактагы үйүндө өткөрдүм. Артур Сергеевич Москвада жашачу, бирок, ар жайда жыш токойдогу айылга кетип, мергенчилик кылып, китептерди жана сценарийлерди жазчу. Ошол айылдын жанында пенсионер малчы Федя байке райондун борборундагы менчик уйларды ар күнү жайып чыкчу. Мен жай бою анын Зиндра аттуу картаң атын миндим. Бирок, ат үстүндө жүрүүнүн профессионалдык сабактарын 1991-жылы “Тамерлан” фильминин киносынагына катышканда алууга туура келди. Кинорежиссёр Али Хамраев бул тарыхый ишти италиялык кинематографтар менен баштаган. Бул Сергей Бондарчуктун “Тынч Дон” жана Төлөмүш Океевдин “Чыңгызханы” менен катарлаш кеткен советтик-италиялык өндүрүштөгү үч супердолбоордун бири болчу. Тилекке каршы, тартуу мезгилинин башында эле иш толугу менен токтоптур. Бирок, ал кезде фильм үстүндө иштөө токтоорун эч ким билбегендиктен биз ишти уланта бердик. Фотосынак этабынан соң бардык талапкерлер костюмдар менен ат үстүндө жүргөн толук масштабдуу киносынакка катышууга милдеттүү болчу. Анан режиссёр продюсердик курамга бардык талапкерлер киносынакка толук даяр экени тууралуу отчёт бермек. Ошол себептен киносынактын алдында бизди эки айдай Ташкентке алып барышты. Ат минүүнү үйрөткөн мектепте мага балдарды жана актёрлорду үйрөткөн картаң атты эмес, кыргыз тукумундагы күлүктү беришти. Ал ак, төрт жаштагы Белек деген жорго айгыр экен. Мен машыктыруучудан эмнеге анын аты мындай экенин сурадым. Ал бул атты Кыргызстан Президенти Аскар Акаев өлкө атынан Өзбекстан президенти Каримовго белек кылганын айтты. “Бирок биздин президент чабандес эмес теннисист болгондуктан атты баалабады. Анан аны биздин мектепке белекке берди. Карасак, эң сонун ат экен. Жакшынакай атты бул жакка, тигил жакка белекке бере беришет экен деп ушул атты ыйгарганбыз”, – деди. Ошол себептен 2003-2004-жылы “Көчмөндөрдү” тартуу убагында мен өзүмдү ат үстүндө ишенимдүү алып жүрдүм.
– Өзбектердин “Улуу Амир Темир” тарыхый эпосунда ойногондо канча жашта элеңиз, киноискусствонун акрыкы могикандары менен иштөө жеңил болдубу? Атаңыз жардам кылдыбы? Атаңыз менен фильмде жана турмушта мамилеңер кандай эле? Канча убакыт бирге тартылдыңыздар?
– Өзбектердин “Буюк Амир Темур” советтик-италиялык “Тамерлан” кинодолбоорунан улам чыккан. СССРдин урашы менен “Тамерлан” иши токтоп, аны тартуу темасы сакталып турган. Үч жыл өткөндөн кийин Ислам Каримовдун көрсөтмөсү менен фильмге ири бюджет бөлүнгөн соң өзбек кинематографисттери ага кайра кайрылышты. 1996-жылы мени кайра кайсы бир ролдун киносынагына катышууга чакырышты. Анда мен 25 жашта элем. Тартуу иштери майда башталып тартылар алдында режиссёр Бако Садыков атамды менин персонажымдын атасынын ролуна чакырганын билдим. Алар монгол Ханы Туглук-Тимур жана анын жаш мураскери Ильяс-Ходжа эле.
Фильмде да, жашоодо да атам экөөбүздүн мамилебиз бирдей болчу. Менин ролум негизги ролдордун бири болгондуктан үч ай тартылдым. Атамдыкы анча чоң эмес роль болгондуктан ал кино тартууга Ысык-Көлгө бир нече күнгө келген. Ал кезде мен кесипкөй ишмердүүлүгүмдү эми гана баштагандыктан корифейлерге студент катары төмөндөн жогору кароо менен көп нерсени үйрөндүм. Атам да мага кандай иштөө керектигин көргөзгөн үлгү болчу.
– Азиз мырза, Сергей Бодровдун (баласынын) тартуучу тобун түзүүдө сизге роль берилбей калганын билем. Кийин бул кино тобуна байланышкан трагедияны укканда кандай акыбалда болдуңуз? Элибизде айтылгандай жогору жактагы бир күчтөр же арбактар сизди сактап калышы мүмкүнбү?
– Ал убакта уулубуз жаңы гана төрөлүп, келинчегим операция жолу менен төрөгөндүктөн араң кыймылдап калган. Ал төрөргө эки жума калганда бизди батирден чыгарышып, биз досубуздун ата-энесиникинде жашап жатканбыз. Анан мага роль берилип, башка батирди ижарага алууга акча иштеп табам деп ишенип тургам. Мени ролго бекитишпей калганда абдан капаланып, тагдыр мага таптакыр калыс эместей туюлган. Качан ал топ толугу менен тартуунун алгачкы күнүндө каза болуп калышканын укканда шок болдум. Эгер мени ролго бекитишкенде мен кубануу менен киноэкспедицияга барып ал жактан кайтпай калмак экем. Анда менин үй-бүлөм өтө оор абалда калмак. Ошондон тарта мен ийгилик болбой калган учурларга сары санаа болбоону чечтим. Себеби, мындай жол болбой калуулар мени андан да коркунучтуу нерселерден сактайт экен деп калдым.
Бул жогорку табигый күчтөрдүн колдоосубу же дал келүүбү, билбейм. Мага жыйынтыгында үй-бүлөмө андан ары камкордук кылууну уланта алганым жетиштүү. Ошол учурда төрөлгөн уулум азыр 21ге чыкты.
– Атаңыз көп кинолорго тартылган. Сизге атаңыздын кайсыл ролдору көбүрөөк жагат?
– Мага баарынан мен үчүн атамдын жашоонун символу болуп калган эки ролу жагат. Биринчиси – “Биринчи мугалимдеги” алгачкы чоң ролу жана кыргыз режиссёру Дальмира Тилепбергенованын “Томого” тасмасындагы ролу.
– Джеймс Кэмерон америкалык эпикалык илимий-фантастикалык “Аватар” фильмин тартты. Фильмдин башкы каарманы Джейк Саллинин прототиби менимче ал өзү. Ал жаңы досторун келгиндерден коргоо миссиясын өзүнө алып жатат…
– Мен үчүн Джеймс Кэмерондун “Аватары” – бул мен жакшы көргөн кинолордун бири Кевин Костнердин “Карышкырлар менен бийлөөчүнүн” бир сюжети. Бул, менимче, ак Американын Жаңы Ааламдын түпкү калкына жасаган геноцидин моюндоосу.
Биздин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору – бул чыныгы фольклор, ата-бабаларыбыздын бизге багытталган байыркы миң жылдык үнү. Менимче, улуттук кинобузда масштабы жана тереңдиги боюнча гигант ойду ишке ашырган үч гана режиссёр болгон. Алар: Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев жана Болот Шамшиев.
– Театрдагы эң сүйүктүү жана жактырган ролдоруңуз тууралуу айтып берсеңиз?
– Мен өмүр бою кинодо, театрда актёр болуп иштедим жана театрда менин үч эле ролум бар, алардын баары мага кымбат. Биринчи ролум көз карандысыз ARTиШОК Алматы театрынын “Уят” спектаклиндеги ролум болгон. Премьера 2017-жылы сентябрда чыгып ошол учурдагы Казакстан театр сезонунун эң күчтүү спектакли аталган. Аны биз үч жыл ойноп, 2020-жылы жайында Москвадагы Чехов эл аралык театр фестивалына алып келип көргөздүк. Ар күнү зал толо эл болуп, спектаклдин башында күлгөндөр аягында ыйлап жатышты.
Экинчи менин ролум ошол театрдагы “Жаңы мезгил” спектаклиндеги Чарли Чаплиндин 80 жаштагы ролу болду. Анда менин каарманым жаш кезинен бери жашоонун кандай өзгөргөнүн талкуулайт.
Ал эми менин үчүнчү театрдык ролум “Неформат” спектаклиндеги Азиз Бейшеналиев аттуу киноактёрдун ролу болду. Бул Москванын ДОК театрынын документалдык спектакли болчу. Бул спектаклде мос-квалык эмес, улуту орус эмес беш актёр өздөрүнүн сырткы келбети менен Москвада кантип жашап жатышканын, форматтык эмес түрү менен Россиянын актёрдук профессиясына кантип киргенин айтып беришет.
– Сиз жашоодо көп ийгиликтерге жетиштиңиз, сизди популярдуулук өзгөрттүбү?
– Популярдуулук мени өзгөрттү деп ойлобойм. Дайыма кандай болсом ошондоймун. Анын үстүнө тааныш эмес адамдардын мага болгон мамилесин байкап калдым. Бул мен жаш кезде болсо азыркыдай кабыл алмак белем, билбейм.
– Азыркы тапта сизге бул жерде эмне керек?
– Сабырдуулук. Мен Чыңгыз Айтматовдой токтоо болгум келет. 1937-жылы өзүбүздүн эле жердештер анын атасы Төрөкулду жаманатты кылышып, ошондон кийин ал атылып кеткен. Чыңгыз Айтматовдун кайсы бир жерде, качандыр бир убакта бул окуя тууралуу таарынычын айтканын, жазганын уккан да, көргөн да жокмун. Тескерисинче, ал өзүнүн токтоолугу, кайраттуулугу жана интеллигенттүүлүгү менен бүткүл элдин жүрөгүнө так салган жамандыкты жеңди.
– Азиз мырза, сиз кыргыз асманында чоң жылдызсыз. Казактар сизди ар башка өлкөлөрдүн кинолорунда эң көп роль ойногон, дүйнөдөгү жападан жалгыз Борбор Азиядан чыккан артист деп айтышат. Сиз кайсыл уруудан экениңизди билесизби?
– Эмнеге билбейм, билем. Сарыбагыш. Менин өз атам, чоң атам жана бабам – Болот, Бейшеналы жана Абдылда. Менин бабаларымдын бири Шабдан баатыр.
– Эң сонун, эми сарыбагыш уруусундагылар сиздин ушул уруудан экениңизди билип жүрүшөт. Сиз Кудайга ишенесизби?
– Чынын айтсам, билбейм. Менин дин жолунда жүргөн учурларым да болгон. Бирок, ишеним менен конфессиянын айырмасын билген соң акырындык менен динден алыстадым. Азыр Кудай барбы же жокпу, биздин үстүбүздө Жогорку эс деген барбы, болсо ал кандай деген суроолорго жооп бере албайм. Балким, жашоомдун кийинки этаптарында мындай нерсе болсо бул суроолорго жооп берермин. Бирок, жакында эле мен жашоомдогу бир нерсени байкадым. Тактап айтканда, адистик сапарымда дайыма атам жана ал жөнүндө эскерүү мени коштоп жүрдү. Биринчи жолу мындайча болду: бул менин биринчи картинамда атам экөөбүз бизге эч байланышы жок жагдайда бир фильмде ата менен баланын ролуна бекип калдык. Ал убакта мен Ташкентте, ал Бишкекте жашачу жана биринчи эле экранда пайда болгонумда ал жанымда болду. Экинчи жолу мен узак убакытка артисттик тыныгууда болуп, москвалык кыргыз-мигрант катары складда жүк ташып жүрүп “Мосфильмге” капысынан чакырылып калган учурум да болду. Атамдын көзү өтүп кеткенине тогуз ай болуп калганда мурдагы жубайым экөөбүз балабыздын уул экенин билип, ага Сейтек-Болот деген кош ат берүүнү чечкен убак болчу. Үчүнчү жолу так ушул мезгилде, Америкага келгениме аз убакыт өткөндө болду. Америкага келгеним үч жума болгондон кийин көчөдөн бейтааныш бирөө жолугуп калып: “Ассалому алейкум! Мен сенин атаң каза болгон күнү аны машинем менен үйүнө жеткиргем” деп жатпайбы.
Бул эмне? Бул дал келүүнү кантип түшүндүрсөк болот? Бул атамдын үчүнчү жолку менин кайсы бир жаңы нерсенин босогосунда турганымды көрсөткөн белгиси болуп жатат. Бул мыйзам ченемдүүлүктү мен азыр, үчүнчү жолу пайда болгондо байкап отурам.
Чолпон Субакожоева