Кыргызстандыктардын 82,6%ы Садыр Жапаровго ишеним көрсөтөт.
Бул тууралуу министрлер кабинети Бишкек мамлекеттик университетинин Коомду изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоого таянып билдирди.
Сурамжылоо 25инен 31-майга чейин өткөн. Суроолорго телефон аркылуу жана онлайн форматта 1000 адам жооп берген.
Респонденттердин 72,5%ы соңку үч жылда жашоо деңгээли жакшырганын айткан.