Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Министр Кулубаев Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысын мамлекеттик майрамы – Россия күнү менен куттуктап, ошондой эле кыргыз-россиялык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүсүн жана эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүүсүн талкуулады.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним билдиришти.