Баткендеги талааларды зянкеч чегиртке каптады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Марокко чегирткеси 16,1 миң гектар жерден аныкталган. Учурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө.
«Бүгүнкү күнгө карата 15 150 гектар жерге дары себилди. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды», — деп айтылат маалыматта.