Талас облусундагы Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, көпүрө эл аралык маанидеги Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында курулду.
Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.