whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезиденттин Бельгияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президенттин Бельгияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун 24-25-июнда Бельгия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Андан кийин президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар кеңири чөйрөдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык кызматташуунун келечеги, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Ошоле эле Брюсселде мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык борборуна (ERCC) барды.

Бул борбор Европа Бирлигинин Жарандык коргонуу механизминин ордосу болуп саналат. Ал табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамды — биринчи кезектеги зарыл буюмдарды, эксперттик билгилерди, жарандык коргонуу топторун жана атайын жабдууларды — жеткирүүнү координациялайт.

ERCC суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт. Ал улуттук бийликтердин же БУУнун органынын өтүнүчү боюнча ири табигый кырсыктан жапа чеккен ЕБ ичиндеги же тышындагы каалаган өлкөгө жардам бере алат.

Бельгия Королдугуна болгон иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 25-июндан 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар