whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкылбек Жапаров: "Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда"

Акылбек Жапаров: «Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда»

Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, 1-июлдан баштап президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен медицина кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү.

“Быйылкы жылдын 1-июлунан тартып клиникалык ординаторлорго 20 миң сом өлчөмүндө стипендия берилип баштайт. Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлерине, кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген дарыгерлерге врачтын депозитинин ар кыл суммасы белгиленген. Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам врачтарына 20 миң сом өлчөмүндө төлөм каралды”, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал көрүлүп жаткан мындай чаралар медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, медиктердин эмгегинин жогору бааланышына багытталгандыгын белгилеп, саламаттык сактоонун бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар