whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Жапаров Садыр Нургожоевич “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси жаңы редакцияда баяндалып, азыркы учурда күчүндө турган редакциясына салыштырмалуу кошумча квалификациялык белгилер менен толукталууда, тактап айтканда баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашырган, төмөндөткөн, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тарткан адамдар үчүн жазык жоопкерчилиги каралууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар