Биринчи айым Айгүл Жапарова 10-июлда «Славян базары» Эл аралык искусство фестивалынын алкагында маданий иш-чараларга катышуу үчүн Беларуска барды.
Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Минск шаарынын Улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды.