whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Жапаров Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

А.Жапаров Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле МинКаб төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айында бүтүрүү пландалууда.

Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында борбор калаада иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери дагы талкууланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар