Кечээки жүрөк үшүн алган сел Төлөйкөн айылындагы “Мөл булак” эс алуу аймагынан төрт адамды агызып кеткен. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени, сууга апасы менен 19, 10 жана 6 жаштагы кыздары акканы маалым болгон.
Кичүүсүнүн сөөгү Өзбекстандын аймагынан кечээ табылса, 44 жаштагы апасынын сөөгү бүгүн түштө табылды.
19 жана 10 жаштагы кыздарынын сөөгү Өзбекстандын аймагындагы Анжиян шаарынын Шахронсой суусунан табылган.
Эми борбордук базардан суу агызып кеткен аял изделүүдө.