Орусиянын Томск облусунда мигранттарга такси, коомдук тамактануу жана билим берүү тармагы баштаган бир катар жумуштарда иштөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу облус губернатору Владимир Мазур Телеграм-каналында билдирди.
Анын айтымында, бул чечимди «антитеррордук комиссия улуттук диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда» кабыл алган.
1-ноябрдан ишке кире турган эрежеге ылайык, эмгек патенти бар чет өлкөлүк жарандарга тамак-аш өндүрүүдө, чекене соодада, таксиде, коомдук транспортто, мейманкана жана ресторан бизнесинде, кадр тандоодо, коопсуздук кызматында, жалпы, спорт, орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелеринде иштөөгө болбойт.