whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргызстандык окуучулар математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 4 медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 4 медаль жеңди

Кыргызстандын математика боюнча курама командасы 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аталган олимпиадада Кыргызстандык окуучулар 1 – алтын медаль, 3 – күмүш медаль жана 2 ардак грамотага ээ болушту.

Алтын медаль ээси:

  • Назар Киргизбаев (29 упай), Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;

Күмүш медаль алгандар:

  • Ян Бобрус (24 упай) , “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу, Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
  • Элдар Искендеров (23 упай) , Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
  • Искен Кенжебаев (22 упай), Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу.

Ардак грамота ээлери:

  • Нурсултан Эшперов (13 упай) , “Газпром кыргызстан” мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
  • Султан Мусаходжаев (11 упай) , №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын олимпиадага барып келүү чыгымы толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланды.

Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай, Түштүк Корея өлкөлөрү кирсе, Финляндия 36-орун, Казахстан 43-орун, Малайзия 44-орун, Эстония 47-орун, Швейцария 50-орун, Индия 51-орун, Өзбекстан 61-орун, Сауд Арабия 63-орунду ээледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар