Бишкекте ири көлөмдөгү жасалма долларларды сатууга аракет кылган «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК “акчаны” Түркиядан радикал исламчылар чет өлкөдөгү террордук иш-аракеттерди каржылоо үчүн алып келишкенин кабарлады.
Ал «Ислам мамлекетинин» идеологиясын актаган материалдарды таратууга да шектелип жатат.