whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМэрия шаарда тыгынды азайтуунун жаңы жолун сунуштоодо

Мэрия шаарда тыгынды азайтуунун жаңы жолун сунуштоодо

Бишкек мэриясы борбор калаа менен Ош шаарларындагы жол тыгындарын жоюунун жаңы жолун сунуштоодо.

Мэрия автокөлүктөрдүн мамлекеттик номердеги акыркы сандарына карата бөлүп, кезек-кезеги менен айрым күндөрү гана жүрө турган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Алар төмөнкүдөй болмокчу:

▪️Эгерде автоунаанын номери 1 жана 2 саны менен аяктаса, анда аларга дүйшөмбү күндөрү жүрүүгө болбойт
▪️3 жана 4 менен аяктагандар — шейшембиде
▪️5 жана 6 — шаршембиде
▪️7 жана 8 — бейшембиде
▪️9 жана 0 — жума күндөрү жүрүүгө болбойт

Графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.

Мындай чектөө саат 07:00дөн 21:00гө чейин киргизилет.

Мындай чектөө Монголиянын борбору Улан-Батордо ийгиликтүү ишке ашкан.

▪️Чара атайын, нөөмөтчү жана коомдук транспортторго тиешелүү эмес.

▪️1-июнга карата маалымат боюнча, Бишкекте 600 миңден ашык автоунаа жүрөт. Ошол эле маалда калаанын жолдору 350 миң автокөлүккө ылайыкталган.

▪️Мэрия айдоочулардын 52%ы машинасын жалгыз айдаса, 33%ы бир жүргүнчү менен, үч жана андан көп жүргүнчү менен айдоочулардын 3,2%ы гана жүрөрүн айтат.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар