Воскресенье, 29 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Кыргызстанда селден келтирилген чыгым 1 миллиард 100 миллион сомдон ашты

Жыл башынан берки сел элди 1,1 млрд сомдук материалдык чыгымга учуратты. Бул суммага Ош менен Арстанбапты каптаган селдин кесепети кошулса, мындан дагы жогорулайт.

Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

2024-жылдын 24-июлуна карата Кыргызстанда жалпысынан 311 сел кырсыгы катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу абдан көп.

Тилекке каршы, сел жыл башынан бери 22 адамдын (Ош облусунда 15, Ош шаарында 5, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден адам) өмүрүн алган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар