Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.
Алгач Кыргызстандын айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев менен Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаровдун тар курамдагы жолугушуусу болуп, анын күн тартибине кирген кыргыз-түркмөн мамилелеринин актуалдуу маселелери кенен талкууланды.
Андан соң комиссиянын отуруму кеңейтилген курамда уланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы төрт жылда 7 эсеге жогорулаганын белгилешип, аны мындан ары дагы жогорулатууга токтолушту, маселен 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода алака 64 млн. долларды түзгөн.
Андыктан тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүн бириктирүүнүн, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүнү стимулдаштыруунун механизмдеринин бири катары Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча иштерди улантууну зарылдыгын белгилешти.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда экономиканын негизги тармактарынын бири – жеңил өнөр жай экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду аныктоо боюнча мындан аркы чараларды көрүү зарылдыгын кошумчалады.
“Түркмөнстан дүйнөлүк рынокто сатылып жаткан жогорку сапаттагы текстиль буюмдарын өндүрүүчү экенин эске алып, түркмөн текстилинин сапатын Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырууну сунуштайм. Ошондой эле, айыл чарба тармагында алдыңкы технологиялар боюнча жана тажрыйба алмашууну, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну улантууну, мал чарбасы боюнча да кызматташууну сунуштайбыз”, — деди минкаб төрагасынын орун басары.
Өз кезегинде Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаров, кыргыз-түркмөн мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишенерин билдирди.
Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын 6-отурумунун соңунда жыйынтыктоочу Протоколго коюлду, ошондой эле 2025-жылы Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо боюнча кол коюлган документтерди алмашуу аземи болду.