Ысык-Көл облусундагы социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомствонун башчысы Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы жаңы 100 орундуу бала бакчанын жана Тогуз-Булак айылындагы 275 орундуу мектептин курулуш иштерин текшерди.
Бала бакча республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2023-жылы башталган. Долбоор боюнча эки кабаттуу имарат куруу каралган, аянты 946 чарчы метрди түзөт.
Ал эми мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.