Бишкек шаарында, бүгүндөн тарта №118 муниципалдык автобус каттамы иштей баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, автобустун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашат. Күн сайын каттамга 25 автобус чыгып, аралыгы 10 мүнөттү түзөт.
Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылды.