Жоламан Шаршенбеков япониялык Кеничиро Фумитага утулуп, Олимпиаданын финалына чыга албай калды.
Кармашта кыргыз балбаны 3:4 эсебинде жеңилип, финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди.
Эскерте кетсек, Шаршенбеков 60 кг салмакта күч сынашууда. Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык Айдос Султангали 6:3 эсебинде, чейрек финалда румыниялык Резван Арнаутту 9:0 эсебинде жеңген.
Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.