Среда, 8 января, 2025
-2.9 C
Бишкек

“Эркин Тоонун” 13 жашар кабарчысы – Кубанычбек Маликов

Буга чейинки макалаларыбызда туңгуч басылмабыздын пайдубалын түптөгөндөр 20-24 кыргыздын таланттуу уулдары болгонун айтып өткөнбүз. Эң кызыгы алардын тагдыры “Эркин Тоо” менен өмүр бою байланышта болгон. Аларды кыргыз элине тааныткан, багын ачкан, башкача айтканда туңгуч интеллигенциябызды, маданият-адабият өкүлдөрүн, дегеле кыргыз адабиятын калыптандырган ушул “Эркин Тоо” болду. Тагдырлары өйдө-төмөн түшсө дагы Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев, Касымалы Баялинов, Кусейин Карасаев ж.б. ондогон акын-жазуучуларыбыз “Эркин Тоодон” канат күүлөп учуп чыгышкан. Алардын катарында Кыргыз эл акыны Кубанычбек Маликов да бар. Ал гезит ишине 15 жашынан аралашып, «Эркин Тоонун» Фрунзе округун (азыркы Чүй облусу) тейлеген кабарчысы болуп иштеген.

Он үч жашар кабарчы

Анын бул аймакта таман изи түшпөгөн, кыдырбаган конушу, аралабаган айылы калган эмес. Бул тууралуу белгилүү адабиятчы Бектурсун Алымов “Кыргыз адабияты” деген окуу китебинде: “… Айыл турмушунун кээ бир маселелери боюнча кабар жаза баштаган учурда К. Маликов он үч гана жашта эле. Кабарчылык аны чоң адабиятка алып келди…” – деп жазган. Демек, К. Маликов журналистиканын босогосун 13 жашында аттаган десек жаңылышпайбыз.

Жаш кабарчы күнүмдүк жаңылык­тардан тартып, айылдардагы эскинин калдыктарын ашкерелеп, аялдардын теңдиги, жер-суу реформасы тууралуу  макалаларды жазган. Өзү ал күндөрдү мындай деп эскерет: “Эркин Тоонун” эң жаш кабарчысы деп эсептелүүчүмүн. Жаш комсомолец жана техникумда пионер активдеринин биримин. “Эркин Тоо” кыргыз тилинде, жалгыз газета. Көргөн билгенибиздин баарын ошол газетага  жазып турабыз” (“Советтик Кыргызстан” 1958-жыл, 14-август “Эркин Тоонун” боорунда” макаласынан).

Чүйгүн саптарды жазган “Чүй баласы”

1926-жылдан 1935-жылга чейин Кубанычбек “Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстан” гезитинин “мотору” болгон десек болот. Ал кыска маалыматтардан көлөмдүү макалаларга чейин башкалардыкына окшобогон стиль менен жазган. Ошондой эле анын макалаларынан факты-далилдерге таянып, тактыкка өзгөчө көңүл бурганын байкоого болот. Сын макалаларын курч, таамай жана юмор, сарказм аралаштырып жазган. Ал ошол учурдун мээнеткеч калемгери, тайманбай сын макала жазган жүрөктүү журналисти да болгонун замандаштары эскерген. Сын макалаларынын көпчүлүгүн өзүнүн аты-жөнүн жазбастан лакап ат менен жарыялап турган. Анын кыргыз элине кеңири тараган “Кубек”, “Чүй баласы” деген лакап аттары болгон.

Айталы, “Кызыл Кыргызстандын” 1929-жыл, 11-сентябрдагы санына жарыяланган “Мурат” аттуу сын макаласына “Чүй баласы”, ал эми ушул эле жылдын 23-ноя-брдагы санына чыккан “Эрик таңында” деген макаласына “Кубек” деген лакап ат менен кол койгон.

Чаң салган “Чалканчы”

“Эркин Тоонун” 1927-жылдын 17-февралындагы санынан баштап гезитке “Чалкан” бурчу ачылган. Ал жакка фельетон, памфлет, сатира жанрларындагы макалалар басыла баштаган.

Гезитке басылган фельетондор алгач төрт түрдүү аталган: биринчиси – “окшоо сөз”, экинчиси – турмуш сөөлөтү, үчүнчүсү – жанытма, төртүнчүсү – фельетон. Адабият
жанрынын ушул түрлөрүнүн көпчүлүгүн адегенде “Эркин Тоонун” жооптуу катчысы, өз учурунун чыгаан калемгери Сыдык Карачев өзү жазып, анан аны ээрчип башка журналист-жазуучулар жаза баштаган.

“Чалканга” тайманбай курч макала жазгандардын бири да ушул Кубанычбек болгон. Ал бир катар күлкүлүү да, куйкум сөздүү сатираларын үзбөй жазып турган. Анын “Кызыл Кыргызстан” гезитине жарыяланган “Ак боз ат айт күнү айылына кетти” (1927-жыл, 4-апрель), “Жетим койчу окуучу” (1927-жыл, 23-апрель), “Көзүнөн жашы төгүлүп” (1927-жыл, 19-июнь), “Мен кошчунун чилени” (1927-жыл, 2-июнь) деген жанытмаларын, сын макалаларын мисал кылсак болот.

Ал көпчүлүк фельетондорунда коллективдүү чарбанын мүлкүнө кол салган атка минерлердин кылыктарын ашкерелеп, окурмандардын сотуна койгон. Чынында эле “Чалкан” бурчу гезиттин окумдуулугун арттырып, бир топ аткаминерлердин жүрөк суусун алып турган. Гезиттин “Чалкан” бурчуна С.Карачевдин, Б.Калпаковдун, К.Маликовдун макаласы басылды дегенде эл гезитти издеп жүрүп окугандарын эскермелерден окууга болот.

“Газета сөзгө шыдыр, жазууга жатык кылды”

К.Маликов 1934-жылдан 1952-жылга чейин “Кызыл Кыргызстан” гезитинин
жооптуу катчысы болуп иштеген. Аны “Кызыл Кыргызстан” гезити адабият дүйнөсүнө алып келип, бара-бара кара сөздүн каймагын калпытып, керемет ырларды жазган акынга айланткан. Ал бул тууралуу өзүнүн эскермелеринде “газета сөзгө шыдыр, жазууга жатык кылды” деп айтканы бар. Анын поэзия дүйнөсүндөгү тушоосу “Жазгы талаа” деген ыры менен кесилип, 1926-жылы “Эркин Тоо” гезитине басылган. Ушундан кийин ал калемин жаңылык, макалада эле эмес, поэзия, проза, драмада да сынай баштаган.

Акын, прозачы, драматург

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы К.Маликовдун ырларын баса белгилебей коюуга мүмкүн эмес. Бул жылдары акындын поэзиясы өзүнүн жаңы бийиктигине көтөрүлө алган. Кызыл армиянын жоокерлерине дем-күч берип, ал эми тылдагыларды кайраттандырып турган атуулдук ырларды арбын жазганын ошол жылкы гезит беттеринен көрүүгө болот. “Кызыл Кыргызстандын” 1941-жылы 26-августунда жарыяланган “Канга кан” аттуу ыры анын согуш жылдарындагы поэзиясынын жалпы идеялык көркөмдүк багытын аныктап, кыргыз адабиятына жаңычылдык киргизгени айтылат.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, К.Маликов окурмандарга акын, прозаик, драматург катары гана эмес, адабий сынчы, котормочу жана 13 жашынан от болуп күйүп чыккан жалындуу журналист катары да таанымал болгон.

ЭНЕ ТИЛ

Көз ачып, эне сүтүн эмген тилим,
Жүрөктөн элге кабар берген тилим!
Ата-эне, Ата конуш деген сөзгө
Эзелден, эс тарткандан келген тилим.
Акылды айлым эңсеп турган кезде,
Ошондо сен “Эркин Тоо” бердиң билим!

“Эркин Тоо” жер чебисиң күн чыгыштан,
Куштарың тоо термелтип унчугушкан.
Сайрап тил, ырдап үндөр жетпечүдөй,
Жаңыртып жерлер киймин, кулпунушкан.
Кулпунган элге сырдаш, эрге курдаш,
Так ушул биздин “Кызыл Кыргызстан”
(1939-жыл, 22-ноябрь “Кызыл Кыргызстан”)

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар