whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда жалпы 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө

Кыргызстанда жалпы 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө

Кыргызстанда жалпысынан 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Балыкчы шаарында жана Ноокен районундагы Масы айылында жаңы калкты тейлөө борборлору ишке берилди. Ал эми Кара-Балта, Каракол жана Талас шаарларында да жаңы калкты тейлөө борборлорун ишке киргизүү пландалууда.

“Калкты тейлөө борборлорундагы узакка созулган кезектерди жоюу максатында “Түндүк” тиркемесин колдонуу менен электрондук кезек системасын киргиздик. Жаңы система аркылуу “Түндүктүн” колдонуучулары өздөрүнө ыңгайлуу болгон убакытта, республика боюнча каалаган калкты тейлөө борборуна онлайн режиминде өздөрүнүн мобилдик телефондорун колдонуу менен кезекти алуусуна мүмкүндүк берет. Бул электрондук кезек системасы кезектерди жокко чыгарып, жарандардын убактысын үнөмдөйт”, — деп белгиледи санариптик өнүктүрүү министри.

Ошондой эле Нурия Кутнаева кошумчалагандай, өлкө боюнча 6 айдын ичинде оффлайн режимде 727 миң, ал эми аралыктан 1 миллиондон ашык электрондук кол тамга берилген. Алардын ичинен онлайн режими менен 2023-жылдын сентябры

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар