Бекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады.
Ал казакстандык спортчуну 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.
Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта беттешүүдө. Чейрек финалда кыргызстандык балбан америкалык Спенсер Ричард Ли менен күрөшөт.