Бишкек шаарынын Октябрь районудук соту Салайдин Айдаровду 4-сентябрга чейин камакка алган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.
Мурдагы депутат Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча шектелүүдө.
Салайдин Айдаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.
Буга чейин УКМК уюшкан кылмыштуу топтуу каржылоого шектеп ишкер, мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди кармаган.