10 өлкөнүн суучулдары Кыргызстанда тажрыйбасын жогорулатууда.
Казакстан, Россия, Сауд Арабия падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливандан келген суучулдар учурда Ысык-Көлдө.
Аларга ӨКМдин адистери бийик тоолуу аймактагы сууда 30 метр тереңдикке чейин түшүү, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик ооруларды алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактарды өтүшүүдө.
Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун алкагында суучулдар Кыргызстанга жыл сайын келери айтылды.