Маалыматтык технологиялар биздин өлкөдө гана эмес бүтүндөй дүйнө жүзүндө күндөлүк турмушта үзгүлтүксүз таасирин тийгизип жаткан учурдун татаал жана кулач жайып өнүгүп бараткан тармагы экендиги анык. Жалпыга маалым болгондой, «маалымат» латындын «informatio» деген сөзүнөн, ал “маалымат”, “түшүндүрүү”, “билдирүү” дегенди туюндурат. Ошол эле учурда ушул маалыматтарды кабыл алуу, түшүнүү жана иш алып баруудагы заманбап автоматташтырылган маалыматтык системалар топтому – маалыматтык технологиялар.
КРнын Башкы прокуратурасы 2019-жылдан баштап бир катар автоматташтырылган маалыматтык системалардын үстүнөн иш алып барып, ишке киргизип келгендиги коомчулукка маалым.
Алардын сап башында Кылмыштардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасы турат. Бул — сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процессуалдык аракеттер жана чечимдер, кылмыш иштин кыймылы, арыз ээлери жана кылмыш-жаза өндүрүшүнүн катышуучулары жөнүндө киргизилүүчү маалыматтардын электрондук базасы болуп саналат.
Система биринчи жолу 2019-жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри аталышта (КБР) киргизилип, 2021-жылдын декабрында мыйзамдардагы олуттуу өзгөрүүлөрдөн улам (КЖК, КЖПК) ал толугу менен кайра иштелип чыккан.
Учурда система менен 5 мамлекеттик орган иштеп (прокуратура, ИИМ, УКМК, Жаза аткаруу жана Бажы кызматтары), активдүү колдонуучулардын саны 3,5 миңден ашуун адамды түзөт.
«КБР» АМСда КЖПКнин документтерди генерациялоо жаатындагы талаптары ишке ашырылып, бүгүнкү күндө процессуалдык документтерди генерациялоонун 30дан ашык формасы иштелип, аткарууга алынууда.
Ошол эле маалда 2024-жылдын май айынан тарта «Электрондук кылмыш иши» Бишкек шаарынын Октябрь районунун жана Чүй облустук укук коргоо органдарында пилоттук негизде ишин баштады жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жалпы республикага жайылтылуу алдында турат. Мамлекетибизде ар бир кылмыш иштин тергөөсүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен уюштуруу ачык-айкындуулук менен камсыздалган мыйзамдуулукту камсыз кылаары шексиз.
Кийинки маалыматтык система Укук бузуулардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасы («УБбР» АМС). Бул укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү электрондук формада жүргүзгөн автоматташтырылган маалыматтык система болуп саналат.
Буга чейин бул система Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп келген. Башкы прокуратуранын карамагына өткөндөн кийин ал толугу менен кайра иштелип чыгып, «Коопсуз шаар» долбоору менен интеграция жүргүзүлүп, аталган иш-аракеттер дагы Башкы прокуратуранын күчү менен толук иштелип чыкты.
Азыркы учурда «УБбР» АМСта 60ка жакын мамлекеттик орган (министрлик, ведомство, бөлүмчөлөр) жана 20 миңден ашык колдонуучу иштеп жатат.
Башкы прокуратура тарабынан кабыл алынган стратегиялык чаралардын натыйжасында салынган айыптардын төлөө пайызын 30%дан 75%га чейин жогорулатууга мүмкүн болду.
«УБбР» АМСти киргизүү укук бузуулардын толук жана оперативдүү эсебин камсыз кылды, прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду күчөттү, ал эми системада киргизилген алгоритмдер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн түрткү берди, башкача айтканда, система убакыт эсептегичтерин коюу, милдеттүү реквизиттерди толтуруу жана башка талаптарды сактоо аркылуу алардын ишин көзөмөлдөөнү баштады.
«УБбР» АМС Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык күбөлөндүрүү системасы менен интеграцияланып, ал бүт өлкө боюнча жайылтылды. Мындан тышкары, Башкы прокуратуранын сунуштамасы боюнча аталган министрлик тарабынан алкоголдук мас абалындагы медициналык күбөлөндүрүү боюнча жаңы акт иштелип чыкты. Мунун баары коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга жана күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын минималдаштырууга мүмкүндүк түздү десек болот.
Порталдын ачык бөлүгү жарандар үчүн андагы бардык айыптар жана алардын учурдагы статусу тууралуу маалыматты каалаган убакта ала тургандай жасалган (www.tolom.kg). Эгерде мурда жарандар башка сервистер боюнча «Коопсуз шаардын» камералары менен катталган эреже бузууларды гана көрө алышса, «Төлөм» порталынан алар бардык катталган укук бузуулар жөнүндө толук маалымат ала алышат жана бул да укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатууга оң таасирин тийгизип, 2023-жыл ичинде миллиондогон суроо-талаптар боюнча иштер жүргүзүлдү.
Башкы прокуратура учур талабы болгон жогоруда көрсөтүлгөн жана башка маалыматтык технологияларды колдонуу менен мамлекетибиздин өнүгүшү, келечеги жана жарандарыбыздын, ар бир адамдын укук менен милдеттеринин мыйзам талаасындагы камсыздалышы жаатында санариптештирүү боюнча ишмердүүлүгүн мындан ары да уланта бермекчи.
Марлен ЧОРОБЕКОВ,
КРнын Башкы прокуратурасынын Маалыматтык технологиялар, укуктук статистика жана эсепке алуу башкы башкармалыгынын улук прокурору