Суббота, 28 декабря, 2024
1.1 C
Бишкек

Эдиль Байсалов Сингапурдун мектептик билим берүү системасы боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышты

“Сингапур өлкөсүнүн билим берүү системасындагы бүгүнкү ийгилиги, алардын мындан 14-15 жыл мурун баштаган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасы. Биз учурда жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын 5-6-айдан кийин күтпөшүбүз керек, анткени бул узак мөөнөттүү талап кылуучу иш. Биздин колубузда чоң улуттук тагдыр турат, ошону унутпайлы. Өзгөрүү үчүн чоң жолго аттандык жана аны биргеликте ишке ашырабыз”, — деди КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов 18-августта, август иш-чараларын өткөрүүнүн алкагында Ысык-Көлдө өтүп жаткан Сингапурдун мектептик билим берүү системасы боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасында.
Минкаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Сингапур өлкөсү үчүн Кыргызстан алардын билим берүү жаатындагы тажрыйбасын алып жаткан биринчи мамлекет эместигин белгиледи.
Ал эми министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан экономикалык абалга, эмгек шартка, менталдык маданиятка ылайыкташып, дүйнөнүн 90 өлкөсүндө пайдаланылган Сингапурдун 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик китептери алынганын билдирди.
“Дүйнөдө эң алдыңкы натыйжа берген Сингапурдун STEM предметтери боюнча китептерин алдык. Бүткүл дүйнөдө бир формула, бир түшүнүк, бир чечим бар, биздин өлкөдө балдар үчүн башкача билим, түшүнүк болбошу керек ”, — деди министр.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева Сингапурдун мектептик билим берүү системасынын презентациялоонун алкагында 80 педагог окуучуларды PISAга даярдоо үчүн Сингапурдун «Cerebry» платформасын колдонуу боюнча менторлордун тренингине катышарын белгиледи.
Тренингден өткөн 80 тренер сентябрдан тарта STEM предметтери боюнча мугалимдерди окутуп баштайт.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Билим берүү жана илим министрлиги Сингапурдагы билим берүү чечимдеринин алдыңкы провайдери болгон Marshall Cavendish Education Pte Ltd менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койгон.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар