Бүгүн, 22-августта Бишкек шаарындагы Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык иш-чара 22-23-август күндөрү өтүп, аны Дене-тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз күрөш федерациясы жана Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.
«Мелдешке 30тан ашык мамлекет каттоодон өтүп, 200 дөн ашык спортчулар келип күч сынашат. Тактап айтсак, пезиденттин кубогунда Америка, Африка, Европа жана Азия мамлекеттеринин алптары күч сынашат. Ал эми кубоктун жалпы байге фонду 1 млн сом жана баш байге балуу таштар менен шөкөттөлүп жасалган калкан», — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Күрөшү боюнча президенттин кубогуна мамлекеттин атынын 2 балбан катышса, II дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионатына 16 жана кыз-келиндер арасында 6 балбан күч сынашат.
Дүйнөнүн 17, Европанын 2, Азиянын 8, Көчмөндөр оюндарынын 2 жана өз мамлекеттеринде чемпион болгон 7 балбан катышмакчы.