Кыргызстанда дем алышта 26 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 7;
- Ош шаарында – 3;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 2.
Белгиленгендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 31 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.