whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЖалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн. сом айып салынды

Жалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн. сом айып салынды

Жалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн. сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигине караштуу Жалал-Абад регионалдык мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы Сузак районундагы «Тумара» ЖЧК, Курук-Сай участкасындагы «Курук-Сай кыш заводу» ЖЧК, Сасык-Булак айылындагы «Арашан» ААК, Барпы айыл өкмөтүнүн Тобой айылындагы «Трасс ОсОО» ЖЧК, Барпы айыл өкмөтү Курук-Сай участогундагы «Султан-Ата» ЖЧКда пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталыды.

Аталган фактылар боюнча жазма буйруктар берилип КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 144-беренсинин 1-пунктуна ылайык ар бир кыш өндүрүүчү заводго 200 миң сом айып пул салынып, жалпы 1 млн. айып пул мамлекеттин эсебине өндүрүлдү. Мындан ары мыйзам чегинде тийешелүү иш-аракеттер уланат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар