whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖал кичи районунда "Муун" гүл бакчасы ачылды

Жал кичи районунда «Муун» гүл бакчасы ачылды

Кечээ Бишкектеги Жал кичи районунда «Муун» гүл бакчасы ачылды.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, демөөрчү болгон курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Жаңы курулган гүл бакчада балдар аянтчасы, воркуат зонасы, чуркоо тилкеси бар. Ошондой эле эс алуучу аймак жашылдандырылып, жарыктандырылды. Мындан тышкары, гүл бакчага чүкө ойноп жаткан калпакчан баланын турпатын чагылдырган стелла орнотулду.

Белгилей кетсек, гүл бакча Жал кичи районундагы мурдагы «BATUMI» жана “Шашлычная №1″ кафелеринин ордуна салынды.

Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундары үчүн бардык шарттары бар эс алуу зоналарын куруу улантыларын айтты.

«Сиздер маалым болгондой, Бишкек шаарына жаңы айыл аймактар кошулду. Биз борбор калаабызды өнүктүрүү үчүн ишке ашыра турган пландарыбыз бар. Аларды 2-3 жылдын ичинде толук аткарабыз деп ойлойм. Бардыгыңыздарды Эгемендүүлүк күнү жана бүгүнкү Билим күнү менен куттуктайм», — деди ал.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдиргендей, демөөрчүлүк кылган үч компания курулушка жалпысынан 20 млн. сом жумшады.

Иш-чаранын соңунда гүл бакчаны курууга салым кошкон курулуш компаниялардын кызматкерлери ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар