ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын талаптарды бузгандыгы үчүн коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарында бузгандыгы үчүн, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 61 миң сом өлчөмүндөгү 1 айып пул салды (КР финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу).