Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган жолугушту

Ак үйдө АКШ жана Түркия президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган жолугушуп, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда эки лидер тең негизинен терроризмге каршы күрөшүү тууралуу айтышты.

Трамп Түркияда террордук уюм деп таанылган Күрдистан жумушчу партиясы жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өңдүү террордук топторго каршы күрөшүүдө Вашингтон Анкарага колдоо көрсөтүүсүн уланта тургандыгын билдирсе, Эрдоган террордук уюмдар жок кылынышы керектигин айтып, андай уюмдардын катарына күрттөрдүн «Демократиялык союз» жана анын куралдуу канаты эсептелген Элдик коргонуу отряды да кирерин билдирди. Түркия президенти бул уюмдар менен кызматташууга болбой турганын белгиледи.

One thought on “Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган жолугушту

Комментарии закрыты.