Четверг, 9 мая, 2024
23.1 C
Бишкек

Бишкекте көчөттөрдүн жаңы түрлөрү отургузулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча аткарыла турган иштер тууралуу жыйын болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларына илимий сунуштарды эске алуу менен жашыл көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн отургузууну кароо милдети коюлду.

Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясына өз ыйгарым укуктарынын алкагында, тактап айтканда, жашыл аймакта унаа токтотуучу жайларды көзөмөлдөө, анын айланасын тазалоо жана жашылдандыруу, таштандыларды туура эмес жерге ыргытуу фактыларын аныктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар