Четверг, 9 мая, 2024
22.1 C
Бишкек

Улуттук кардиология жана терапия борборуна жабдуулар берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн сатып алынган заманбап жабдууларды тапшырды.

Борборго эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы премиум класстагы “Азурион 7” ангиографиялык аппараты орнотулду. Жалпы суммасы 1,5 млн долларды түзгөн бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу ишке ашырылды.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров, статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны жогору болуп жатканын, ошол себептүү заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүү менен медицина тармагын өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин билдирди.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар