Четверг, 9 мая, 2024
32.1 C
Бишкек

 Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгресси өтүүдө

Иш-чара көрүнүктүү окумуштуу, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда.

Министрлер кабинетинин башчысы конгрессти ачып жатып саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын жана министрлер кабинети аны стратегиялык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди.

Бүгүн Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда мындай масштабдуу конгрессти уюштурууда жана өткөрүүдө алгачкылардан болуу сыймыгына ээ болду. Бул конгресс биздин өлкөлөрдүн ортосундагы медициналык кызматташтыкты тереңдетүү жолундагы биринчи кадам болот деп ишенем. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык — бул медициналык илимди жана практиканы өнүктүрүүгө, медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле бардык жарандар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоого көмөктөшүүчү маанилүү интеграциялык инструмент», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Акыркы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2019-жылы 19,0 миллиард сом, 2023-жылы 38,0 миллиард сом бөлүнгөн. Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Акыркы 2 жылда кургак учукка каршы оорукана, перинаталдык борбор, кыргыз-түрк достугу ооруканасы жана башка заманбап ооруканалар курулуп, пайдаланууга берилди.

«Бардык 7 аймактык оорукана жаңы МРТ аппараттары менен камсыздалып, аймактарда 4 компьютердик томография борбору ачылды. 2 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаасы сатылып алынган. Тилекке каршы, бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми быйыл түрк кесиптештеринин колдоосу менен боорду алмаштыруу боюнча операцияларды баштоону пландап жатабыз. Ушул убакка чейин биздин жарандар эбегейсиз чыгымга учурап, чет өлкөдө ушундай операцияларды жасоого аргасыз болушкан», — деди ал.

Учурда мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында жалпы суммасы 77 млн АКШ долларын түзгөн 4 ири долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле 116,5 миллион доллардан ашык гранттык долбоорлор ишке ашырылууда.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар