Пятница, 3 мая, 2024
24.1 C
Бишкек

Дүйнө рекордчусу Игорь Паклин

СССР спортунун эмгек сиңирген чебери Игорь Васильевич Паклин 1963-жылы 15-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 9 жашында улуу агасы Валерийдин таасири менен спортко аралашып, машыгууга келип жүрсө, кийин спорт аянтчасында анын карааны көрүнбөй калган.

11 жашында 4-класста окуп жүргөндө кайрадан жеңил атлетика ийримине жазылып, Владимир Калининден таалим-тарбия алып, алгач чуркоо, анан узундукка секирүү, ядро түрдүү спорт түрлөрү менен машыккан. Кийинчерээк аны бийиктикке секирүү түрү кызыктырып, ушул спортту тандап, 15 жашынан баштап чындап машыгып, алгач ирет 185 см бийиктикти багындырып, өзүнө ишенич жараткан. 1978-жылы белгилүү устат Анатолий Вогулдан таалим-тарбия алып, секирүүнүн сырларын терең үйрөнө баштайт. 18 жашында эл аралык аренага таанылып, өзүн мыкты спортчу катары көрсөтүп, ысымы дүйнөгө дүңк дей түшкөн.

Бийиктикке секирүүдө ал өлкөнүн күчтүү жеңил атлетчилеринин тизмегине кошулган. 17 жаш курагында 218 см бийиктикке секирип, “СССР спорт чебери” деген ардак
наамга арзыган. Бул анын дүйнө жүзүнө таа-нылган мыкты спортчу болуш үчүн өзүнүн аракеттерин далилдөөгө болгон далалаты эле. Бирок, 1981-жылы союздук мелдеште бутунан жаракат алып, дарыгерлер аны спорт менен машыгууга тыюу салышып, чоң спорт менен биротоло коштошууга кеңеш беришкен. Спортко тагдырын арнаган Игорь Паклин бир жылдай дарыланып, ден соолугун чыңдап, дарыгерлердин кеңешине моюн бербей кайрадан спорт дүйнөсүнө аралашкан.

Ошентип, эл аралык атак-даңкка кийинчерээк жетти. Ийгиликтерди колдон чыгарбаш үчүн мээнет кылып, талбай машыгуу керектигин сезип турду. Машыктыруучулары Людмила Григорьева жана Анатолий Вогуль Игордун талантын, табият тартуулаган жөндөмүн байкашып, келечекте атактуу спортчу болооруна ишеним артышып, анын чеберчилигин жогорулатып,  бийиктикке секирүүнүн сырларын, ыкмаларын терең үйрөтүүгө аракет кылышкан. Ал өзү да абдан эмгекчил, мээнеткеч жана мүнөзү күчтүү, эрки бекем, өз оюндагысын бербеген, беттегенин аткарууга жан үрөгөн көк бет эле.

Игорь өзүнө жакпаган нерседен дароо баш тартып, маанайы жок учурда баарына каршы чыккан, бирок, ага пайдалуу жана маңыздуу кеңеш бергенде, аларды баш ийип, сабырдуулук менен аткарган. Азыркы учурда дагы Игорь ошондой – өз оюн, чечимин  баалайт, кесипкөйлөрдү сыйлайт, сөзүнө турбаган жана кубулган адамдар менен сүйлөшпөйт. Ал эч качан башкалардын арам ойлоруна азгырылбай, жаман адаттарга берилбей, адал ойлоп, ак жүрүп, бүт өмүрүн спортко арнаган.

Анын  айрым курбулары ошол учурда чылым чегип, спирт ичимдиктерине берилип, бош убактыларын ойноп-күлүүгө, шапар тээп, шарап ичүүгө арнашып, айрымдары кийин баңгизаттарына берилип кетишкен. Күнүмдүк жыргалчылыкты гана ойлоп, башкаларды тоноп, бейбаштык кылып, кылмыш жообуна тартылган курбуларын көрүп, Игорь алардын азгырыгына арбалбай, бүт убакытын спортко арнап, өлкө намысын бийик койгон. Үзбөй машыгуулар натыйжасын берип, Игорь 19 жаш курагында 221 см бийиктиктеги тоскоолдуктан ашып секирип, “СССР спортунун эл аралык чебери” ардак наамына арзыган.

Жыл өткөн сайын анын көрсөткүчтөрү улам жогорулап, 1982-жылы 224 см бийиктикти багындырган. 1983-жылы СССРдин чемпионатында байгелүү орунга жетип, 233 см бийиктикке секирип, СССРдин тандалма командасынын катарына кабыл алынган. 1984-жылы СССРдин чемпионатында күмүш медаль тагынган. Ал эми 1993-жылы Хельсинки шаарында өткөн дүйнө чемпионатына алгач ирет катышуу менен өзүн сынап, 229 см көрсөткүчү менен төртүнчү орунга жетип, дүйнөлүк адистердин көңүлүн буруп, келечегинен үмүткөр кылган.

Ошол учурда табына келип турган Игорь Паклин 1984-жылы Лос-Анджелес шаарындагы Олимпиадалык оюндарга катышса, байгелүү орунга илинмек деген пикир спорт адистери тарабынан айтылып жүрөт. Тилекке каршы, Советтер Союзунун ошол учурдагы саясый көз карашынын айынан бойкот жарыяланып, даярдыгы мыкты спортчулар бул оюндарга катышышкан эмес. Мындай деп жоромолдоого да негиз бар. Себеби 1983-жылдагы көрсөткүчтөр аркылуу кыргызстандык спортчу Паклин дүйнө жүзүндөгү спортчулардын рейтинги боюнча алтынчы орунда турган. Ошол 1983-жылы биздин мамлекетибизде Игорь Паклинден күчтүү жеңил атлетчи болгон эмес.

1983-жылы Эдмонтон шаарында өткөн студенттердин бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарында биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынган. Аттиң арман, ошол 1984-жылы Олимпиада оюндарынын алдындагы мелдештерде табына келген Игорь 236 см бийик секирип, дүйнөдөгү мыкты спортчулардын катарында турган…

1985-жылы бийиктикке секирген спортчу үчүн эң жылдыздуу жылдардын бири болду. Ошол жылдын 1-4-августунда Ленинград шаарында СССРдин чемпионаты өтүп, анда Игорь бардык атаандаштарын артка калтырып, СССРдин чемпиону аталып, көкүрөгүндө алтын медаль жаркырады. Андан кийин Европа чемпионатында ал үчүнчү орунга гана ээ болуп, коло медаль тагынган.

1985-жылы Жапониянын Кобе шаарында өткөн студенттердин бүткүл дүйнөлүк универсиада оюнунда Игорь 241 см бийиктикке секирип, дүйнө рекордун койгон. Ошол жылы ал бийиктикке секирген мыкты спортчу катары эсептелинген. Ал рекордду кайра эч ким кайталай алган эмес.

1987-жылы Рим шаарында өткөн дүйнө чемпионатында экинчи орунга жетип, күмүш байгелүү болгон. Игорь 1990-жылы Тилектештик оюндарында экинчи, ал эми 1986-жылы Европа чемпионатында биринчи орунду ээлеп, Европа чемпиону аталган. Ошол мезгилде европалык спортчулардан алдыга озуп, мөрөй алуу чынында кыйынга турган.

Игорь Паклиндин спорт дүйнөсүндө жетишкендиктеринин дагы бирин сыймык менен ар дайым атап келебиз. 1987-жылы АКШда өткөн жабык имараттардагы биринчи дүйнө чемпионатында ал 248 см бийиктиктен секирип, дүйнө чемпиону болгон. Ошентип, ал жеңил атлетикадан бийиктикке секирүүдөгү алгачкы дүйнө чемпионубуз!

“Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет” дегендей, Игорь Паклиндин 1988-жылы Сеул шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда жолу болбоду. Ал байгелүү орунга илинбеди. 1990-жылы СССРдин чемпионатында жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, СССР Элдеринин  акыркы спартакиадасында алтын медалга арзыган.

1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга да катышып, байгелүү орунга жеткен эмес. 1993-жылы дүйнө чемпионатына катышкан.

Чоң спорттон кеткенден кийин Игорь машыктыруучу болуп иштеди. Анын шакирти, Азия оюндарынын чемпиону, Азия чемпиону Татьяна Ефименко да Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныта алды. Паклин Кувейт өлкөсүндө машыктыруучу болуп иштеген. Учурда Россиянын Севастополь шаарында машыктыруучу болуп иштеп жүрөт. Жубайы Татьяна экөө  Наталья аттуу кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар