Пятница, 3 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Баткенде базардан өрт чыкты

Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан «Баяман баатыр» базарында ири өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кырсык тууралуу саат 2:29да маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 7:01де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2380 чарчы метр аянтты камтыган. Жабыр тарткандар жок.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар