Воскресенье, 5 мая, 2024
12.1 C
Бишкек

«Эркин Тоо» – белиң талыса сүйөнөр таягың»

Колубузда 1924-жылдын 7-ноябрында чыккан “Эркин Тоо” гезитинин араб тамгасынан транскрипцияланган №1 саны. (Аны тилчи окумуштуулар Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалар ишке ашырган). Анда жарыяланган Эшенаалы Арабаевдин “Кыргыз калкы” макаласы – кыргыз публицистикасынын башаты болуп эсептелет. Дайрадай ташкын тил, оттой жалын дем менен жазылган бул макала – жаңыдан түптөлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун (14-октябрь, 1924-жыл), анын расмий органы болгон “Эркин-Тоо” гезитинин маанисин кан-какшап түшүндүрүп, “ушул эркиндигиңди бек карма кыргыз, бек карма” деп чырылдайт. Аныгында бул макала маани-маңызы боюнча саясат таануучулар, тарыхчылар, адабиятчылар, журналисттер үчүн – бери болгондо бир илимий иштин, көлөмдүү публицистикалык макаланын даяр темасы болуп саналат.
Макаланы “Эркин Тоого” кандай жарыяланса, ошол калыбында бердик. (Азыраак ырларынан кыскарттык). Анткени, макаланын тили – кыргыз тилчилери үчүн чети оюлбаган казына. Бир жагынан бул макала эч жерде толугу менен жарыяланган эмес. Жарыяланса да, макаланын айрым жерлерин редакциялап, чыгарып жүрүшөт.
Кыргыздын туңгуч интеллигенция өкүлдөрү түптөгөн “Эркин Тоо” (Кыргыз Туусу”) гезитинин – тарых алдындагы аткарган эң чоң миссиясы – кыргыз адабий тилин калыптандырып, бүгүнкү деңгээлге жеткиргенинде болду.
Быйыл 100 жылдык мааракеси белгиленип жаткан, Э.Арабаевдин ак батасы менен кыргызга кызмат кылууга аттанган “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезити – ушул  тарыхый жүктү нардай эле көтөрүп келди, мындан ары да кылымдарга көтөрө бермекчи. 

Канча жүз жылдардан бери калк катарына киралбай асман айыргыз жер катуу болуб, жалгыз сыйынганы кара кылаары «тоо» болуб, жайыкка чыкса жан жагындагы күчтүү улуттар канын суудай агызыб, эркеги кул, хатыны тул болуб келгени ар кимге анык
белгилүү.

Ошол көргөн зордук-зомбулуктардын аркасында али күнкү маданияттан ыраак калыб, бытыраб ана ушул учу-кыйры жок башы асманга жеткен аркайган тоолордун арасына кириб баш калкалап, эркин өсүб ээн сүйлөб келген. Ата-теги тизилген берметтей болгон кыркаар тартыб катарлашкан калың тоолордун арасында аркар-кулжа, эчки-текелер менен бирге даң салыб, чөптүн гүлүн, жыгачтын бүрүн, суунун тунугун, жаратылыш сыйлыгын кучкан кыргыз калкы сен элең. Ушул …(окулбайт) дегидей өсүб, далагай тартыб, бириң адырда, бириң шабырда, кайсың тоодо, кай бирөөң зоодо болуб тоңдоосун өсүб, тойос сүйлөб же бир абдан чоң кысымчылыкта баш койбосоң же болбосо бир аша-шаттыкта баш болуб бири-бириң менен аша үндөшө албай келген эл элең.

Кыздын ойуну болгондо боз балдар эң мурун ошол эркин тоодон баштаб ырдаб …

Эркин, эркин, эркин тоо,
Эркин тоого мен чыксам,
Эл карааны көрүнбөйт…

Мындан башка эң жакшы экен деп макталган ырлардын баарында эркиндик тоо жөнүнөн келет. Мындан чыкты кыргыздын көңүлүнчө эң кызык туйулуб, көзүнө эң сонун көрүнгөн нерсе эң мурун «эркиндик» экинчиси «тоо» экени, ушул «эркиндик» хем «тоо»суна жөн койбос улам бир күчтүүрөгү келиб мазасын алыб, эң аягында кече жакында келиб зулумдар (Никелей) колуна түшүб баягы эркиндик өлүб, тоо жөргөмүштүн торуна түшкөн чымындай чырмалыб, тордолуб, кайран «эркиндик менен тоо» чыркыраб, төбөсү менен жер тебкилеб … сүйгөнүн сагыныб, саргарыб, атын айтыб издеген боз балдарга кыргыздын колго карматбай турган сулуу кыздары ийилиб, мойнун созуб бетинен өбтүрүб, ата-теги аташканынан башкадан азоо жылкыдай үркүб назданган сулуулардын бойун эритиб, мончоктой бетинен өбтүрүүгө күркүштөгөн мажбур кылган эркиндик менен баягы тоо.

Эркиндикти сүйүү, эркинен айрылганда колдо бар күчүн жыйнаб, аны кайтарыб алууга тырышуу, эркиндикке чыгуу үчүн эң азиз болгон жанын аябай ошонун жолунда курбан болуу жалпы жаратылыштын эң чоң борчу экени белгилүү. Кыргыз халкы болсо, ошол «эркиндик», ошол «тоо» тууралуу канча кызыл уук болсо канча кызыл канын агызыб кыргынга учураб башы байан, аягы сайан болгон. 16-жылда кызыл кыргын болушуб Кытайга качыб ата-баладан хатын эрден айрылыб ичинен чыккан азиз перзентин азыкка сатыб эмдигиче табышалбай жүргөнү да ушул эркиндик, ушул тоонун азабы. «Тоо» сүйүү кыргыз негиздүү тиричилиги ушул тоодо болгондугу кыргыздын эң чоң жомогунда (Манас) айтылган.

Карагай калың, талы көб,
Карарыб чыккан малы көб,
Кара малдан тоо көб
Карды салык бее көб,
Калайынан күмүш көб,
Кара эгинден күрүч көб,
Боз койондон түлкү көб,
Ыйлагандан күлкү көб,
Бакасы иттей чуулаган
Балыгы тайдай туйлаган


Мына мында көрсөтүлгөн кыргыздын эмгекчилеринин эмгеги кандай нерсеге байласа кыргыз эмгекчилери эмгегин кандай чарвага сиңирүүгө керек экени кыс-
касы кыргыз «тоо»суна эмгек сиңире турган кыргыз эмгекчилерин муңсуз кыла турган негиздүү чарвасын мына ушу кыска сүйдүм сөз менен түшүндүрүб кеткен.

Мындан көрүндү кыргыз эмгекчилери жыгаччылык, чарвачылык, кенчилик, дыйканчылык, аңчылык жери тоо болгондуктан «тоонун» карды салык деб жакшы ат койдура турган жагни жылкынын насилин жакшыландыруу керек экенин көрсөтүб кеткен. Жанакы кыргыздын укурук тийбеген азоо тайдай туйлаган сулуу кыздарынан өдө бойун балкытыб «эрк» менен «тоо»ну издегенде эңкейиб мойнун буруб аркардай бетин тозо бергени ана ушул кыргыздын тиричилигинин тиреги болгон «тоодогу» түгөнбөс байлыктар.

Ал эми кемунус партиясы майданга чыгыб Кеңеш өкүмөтүн куруб бүтүн дүнүйө эмгекчилерине үзүлбөс сыйын жүргүзүб барк, эркке  чындап ураан чакырганда көбөөлдөн чыккан балыктай кыргыз кур-курагы көзүн жалтыратыб көбчүлүк ураанына кошулду. Мынакей  кедей өкүмөтү, кемунус партиясы «кыргыз сен дагы бир уруу журтсуң» деб байагы сагыныб, саргайб көксөгөн канча рет каныңды  төккөн байагы тордолгон «эркиндик менен тооңду» колуңа бериб,… төбөсү жайлуу болуб, ары карасаң аркаңды сыйлаб, бери карасаң майдайыңды сыйлаб эмгегиң кыл!

Кыргыз кедейлери эркке жеттиң эл бол, эсиңди жыйнаб, энчилеш табыңды тааны деб тоодой аркасын күндөй жарыгын тийгизип олтурат. Мына ушул максаттары каң кара кыргыз журтуна сиңирүү жана да калк катары билим бериб маданиятка жакындаштыруу жогорку айткан жалпы эмгекчилерге жүгүртүлгөн таламды бекем кармаб нак жабышуу үчүн кыскасы азыркы жарык заманга лайыктуу журт болуу үчүн эң биринчи шарт гезит, кыргыз-кыргыз болгондон бери өз тилинде журнал, китеп дегенди көрбөй, ары чети бүтүн ааламдагы бери жагы өз журтунун арасындагы тиричилик, саясат, маданияттан кабарсыз караңгыда калган мына эми эрктүү өзүнчө өкүмөт болуб энчисине баягы «тоосу» тийген соң кемунустук Кеңештин жолун тиричилик, саясат, маданиятка чылым-билимден кабардар болуб эмгекчилик табын таанысын деб мыну бу гезитти чыгарыб олтурат.

Бул гезиттин атын байагы көңүлдү элжиреткен, көздү телмирткен «эркин» менен «тоо»ну кошуб «эркин тоо» койулду. Ал эми кыргыздын эмгекчилери! Качантан бери жоголгон эригин сагыныб «сейнеп» болуб «күкүк» деб самырдай какшаган тооң жоголгон эригиңе кошулуб колуңа тийди. Бек карма! Бул эриктүү үчүн төгүлгөн жаштарың, сатылган баштарың, ажыраган теңдериң, кыйратылган сөөктөрүң, эрлериң кул болгон, катындарың күң болгон бек карма кыргыз бек карма!

Жаз айаба жаныңды! Жумша айаба малыңды! Бул эрик менен тоо жок болгондо тилбейсиңби алыңды! Бек карма, кыргыз бек карма! Кемунус, кедей? Жашың менен карыңар ар жагы кыргыз эркин тоону алыңар! Баягыда жоголуб таппай жүргөн маалыңар бек карма кыргыз бек карма!

Кембагал менен кедейге келген дөөлөт конгон бак жан айабай белсениб күрөшүү керек. Ошончолук жарагың мына Эркин Тоо. Белиң талса сүйөнөр таягың мына эркин тоо. Бек карма кыргыз бек карма! Мына журт мындай эң чоң жолбашчыңыз боло турган жагыңды көздө. Эркин Тоо ары чети бүтүн дүнүйө эмгекчилеринин бери чети жалпы Русийа топурагында болгон эмгекчилеринин эң чоң «улуу күнү болгон» 7-өктабр күнү сиздерге белек кылыб чыгарыб олтурат. Жашасын бүтүн дүнүйө эмгекчилери деб жолду бек чаап кедейликтен куткарыб, эркке чыгарган жолдош Лениндин жолу жашасын. Эмгек негизинде курулган эрктүү кыргыз облусу.

Эшенаалы АРАБАЙ

 

Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар