Кыргызстан көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салууга ниеттенип жатат.
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечи — 25 депутат. Документ кыргызстандыктардын аң-сезимин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоону болтурбоо максатында иштелип чыккан.