Понедельник, 6 мая, 2024
13.1 C
Бишкек

Эмгек миграциясы: бөтөн элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол!

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 2023-жылы Кыргызстанга сырттан жалпысынан 2 млрд. 706 млн. доллар которулуп келген. Бул каражаттын көбү негизинен дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кандай шартта эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттарга таандык. Экономисттердин айтымында, бул Кыргызстан ИДПсынын 30 пайызын түзөт. Албетте, өлкө экономикасы өбөктөп турганда сырттан мындай каражаттын кирип турганы мамлекетибиз үчүн жакшы. Бирок, чет өлкөлөргө иштеп кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарынын тагдырын, алардын социалдык жетимге айланып, ар кандай үрөй учурган окуяларга кириптер болуп жатканын эске алганда тапканыбыз белгилүү, а жоготконубуз канча экенин эч ким эсептей албайт. Анда ошол тышкы миграциянын Кыргызстанга, өлкөбүздүн өзөгүн түзө турган үй-бүлө институтуна кандай таасир этип жатканына абай салып көрөлү.

90 миңдей балада өксүк бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын билдиргенине таянсак, учурда Кыргызстанда 88 миң баланын ата-энеси ички жана тышкы миграцияда. Анын айтымында, өткөн жылы социалдык кызматкерлер үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту аныктоо максатында 312 миң үйдү кыдырып чыгышып, 72 миң 235 баланын ата-энеси чет өлкөлөрдө экенин, 15 миң 829 өспүрүмдүн ата-энеси ички миграцияда экенин аныкташкан. Ошондой эле бул иш-чарада 24 бала зордук-зомбулукка кабылганы жана анын ичинен 9уна физикалык, 8ине сексуалдык, 7сине психологиялык зомбулук көрсөтүлгөнү тастыкталган. Министрликтин маалыматы боюнча ата-энеси мигрант балдардын 701и соттун чечими менен мамлекет камкордугуна алынса, 530 балага убактылуу камкордугу дайындалган.

Ушул эле 2023-жылдын башында социалдык кызматкерлер 100 миң 174 баланын ата-энесинин бирөө же экөө тең алыс-та иштеп жүрүшкөнүн аныкташкан. Мунун ичинен 5500 бала ата-энесине тууган эмес, таптакыр башка адамдар менен бирге жашашары да маалым болгон. Цифралар көрсөтүп тургандай, тышкы мигранттардан ар жылы 2,5 млрд. доллардай жашыл акча келгени менен жүздөгөн, миңдеген балдар минтип ата-эне тарбиясын, мээримин көрбөй, түрдүү зомбулуктарга кабылып келет.

Албетте, социалдык кызматкерлердин саны чектелүү болгондуктан алар ар бир эле үй-бүлөнү ийне-жибине чейин иликтеп, жалпысынан канча бала ата-энесиз өсүп жатканын так аныктай албаса керек. Азыр Кыргызстанда 1,5 миллиондой жаран тышкы миграцияда. Ар бир үй-бүлөдө кеминде 3-4төн бала бар экенин жана тышкы миграция боюнча өтө так маалымат жоктугун эске алсак жогорудагы көрсөткүчтөр мындан да жогору болушу ыктымал. Мунун өзү Кыргызстанда өз убагында туура тарбия ала албаган балдардын чоң армиясы өсүп жатканын айгинелеп турат. Буга, азырынча мамлекетти да, элди да күнөөлөөдөн алыспыз. Бирок, азыртадан муну оң жагына чечүүнүн жолун ойлонбосок кийин анын кесепети ондогон жылдарга таасир этиши мүмкүн. Себеби, кароосуз калган балдар тырмактайынан психологиялык травмаларды алып, мерез, таш боор, оорукчан болуп чоңоёрун психологдор деле кан какшап айтып келе жатышат.

Баласынын жанында боло албаган энеде, энесинин жанында боло албаган балада кайдагы бакыт?

Кыргызстандагы балдар, аялдар маселеси менен иштеген коомдук уюмдардын билдиришинче, тышкы миграциядан көбүнесе аялдар, балдар көп жабыркашат. Чоң ата, чоң энесинде же таята, таенесинде калган бөбөктөр, өспүрүмдөргө жетиштүү көңүл бурулбагандыктан жана алар үй-тиричилигине көп аралашкандыктан жеткиликтүү билим да алышпайт. Ошол себептен андай балдар мектепте өзү теңдүү балдар арасында басынат.

Өзүн өзгөлөрдөн кем сезет. Мунун кесепетинен окуучулар ортосунда ар кандай жаңжалдар чыгып, анын аягы көп учурда жаман аяктап жатканын да көрүп жүрөбүз.

Өзүн карап жаткан туугандарынан, классташтарынан ыза көрүп калган балдар акыркы жылдарда өзүнө-өзү көп кол сала баштаганы социалдык тармактарга да чыгып жатат. Эл аралык иликтөө уюмдарынын маалыматы боюнча Кыргызстанда ар жылы орто эсеп менен жүзгө жакын бала суицидге барат. Өкүнүчтүүсү, алардын көбү ата-энеси миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдөн. Алсак, жакында эле Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында 6-класстын окуучусу өз жанын кыйган. Көрсө бул баланын ата-энеси тышкы миграцияда экен.

Ал эми аялдарга келсек, тышкы миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын 40
пайызын аялдар түзөт. Тилекке каршы, анын баары эле жыргап жашап кеткен жок. Болжолдуу маалыматтар боюнча тышкы миграцияда жүргөн аялдардын көбү ысык-суукта базарларда отурушат же үй, имарат тазалоо менен алек. Ар кандай оор жумуштарда иштегендиктен андай аялдар мекенине көп учурда оорукчан болуп кайты-
шууда. А бул жакка келгенде аларды саламаттыгы начар, ар кандай көйгөйү бар балдары, күйөөлөрү тосуп алат. Ошентип көп акча таап, жакшы жашоо баштайм деген максатта сыртка кеткен аялдар мурдагыдан да жаман сыноолорго туш болуп жатат. Муну “Мекендеш күндөлүгү” рубрикабыздын каармандары да маектешүү учурунда бышыктап жатышат.

Баарынан аянычтуусу, азыр ар кандай себептер менен үй-бүлөсүнө кайтпай калган, “Жүк-200” болуп келген кыз-келиндер да жок эмес. Алардын балдары жыл санап социалдык жетимдер менен апасыз жетимдердин катарын толукташууда. Атасы же энеси чет өлкөгө кетип кайра үй-бүлөсүнө кайтпай койгон балдардын көкүрөгүн ата-энесине болгон таарыныч, жек көрүү, кусалык, сагыныч ээлеп алат. Медицина кызматкерлеринин айтымында, узак убакытка мындай акыбалда болуу баланы ар кандай ооруларга дуушар кылат. Андыктан, алыска сапарга чыгууда ар бир ата-эне биринчи орунга балдарынын келечегин койсо дээр элек.

Жумушсуздукпу же кайдыгерликпи?

Албетте, тышкы миграциянын күч алышына мамлекетибиздеги жумушсуздук, жакырчылык себепкер. Бирок, балдардын кароосуз калып жатышына биринчи кезекте ата-энелер өздөрү жоопкер болушу керек. Муну айтканыбыз, айрым ата-энелер турмушта анча-мынча кыйынчылык же үй-бүлөдө пикир келишпестик болсо эле балдарды талаага таштап баса беришет. Мисалы, учурда Кыргызстандагы балдар үйлөрүндөгү балдардын 3 пайызы гана тоголок жетим болсо, дээрлик 97 пайызы социалдык жетимдер. Башкача айтканда, бул балдардын атасы же энеси бала асыроодон баш тартышкан. Өкүнүчкө карай бул категорияга эмгек мигранттарынын балдары да кирет.

Балдарын кароосуз таштап сыртка чыгып кеткендердин бетке кармаган шылтоосу – жумушсуздук, маянанын аздыгы.
Ооба, бул факт. Бирок, ушул тапта  Кыргызстандын тигүү, курулуш, машина оңдоо, соода тамактарында Бангладеш, Пакистан, Шри-Ланка, Кытай, Филиппин жарандары эмгектенип, айына 500-700 доллар таап, анын жарымын мекенине жөнөтүп жатканын маалымат каражаттары чагылдырды. Ошол эле кезде Кыргызстандын айрым тармактарында кадрлар да жетишсиз. Демек, аракет кылса Кыргызстанда деле иштеп, үй-бүлө бакканга шарт бар.

Тилекке каршы, айрым ата-энелер өздөрүнүн ата-энелик жоопкерчилигинен тез байып кетүүнү жогору койгондуктан өлкөбүздө миңдеген балдар кароосуз калууда. Ошондой урунду-беринди тарбия алган жаштардын алды азыр үйлөнүп-жайланып, кайра алар да ата-энелеринин мигранттык жашоосун кайталап жатышат. Себеби, балдарды бирөөлөргө таштоо аларга кадыресе эле көрүнүштөй сезилет. Кезинде жеткиликтүү мээрим, тарбияга канбагандыктан мындай жаштарга ажырашуу, чет өлкөлөргө чыгып кетүү анчалык деле оорчулук жаратпайт. А мындай кайдыгерлик коом мекен келечеги үчүн өтө кооптуу.

Эң негизги байлык – адам ресурсу

Баса, эки жыл мурун ал кездеги эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношконун, министрлик дүйнөнүн 23 өлкөсүндө иштөө үчүн кыргызстандыктарга кызмат көрсөтөрүн жана иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик бар экенин маалымдаган. Албетте, сыртта убактылуу иштеп, тажрыйба, капитал топтоп келгендин жаман жагы жок. Эгер сыртка чыккан жарандар Кыргызстанга кайра кайтып келишип ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзсө, андан бетер жакшы. Учурда мындай мекендештерибиз да жок эмес. Бирок, андайлар өтө аз. Чет өлкөлөргө чыккан кыргызстандыктардын көбүнүн мекенине кайтып келүү ниети жокко эсе. Буга акыркы отуз жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык Россия жарандыгын алганын мисал тартсак болот. Бул медалдын бир жагы.

Негизи ар бир мамлекеттин негизги байлыгы – адам ресурсу. Эгер ушул багытта кете берсек, Кыргызстан жакынкы жылдарда өнүгө албайт. Андыктан, тышкы миграция боюнча мамлекеттик атайын концепция түзүлүп, жумуш орундарын көбөйтүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого маани берилиши керек. Азыртадан бул колго алынбаса Европага, Америкага, Араб өлкөлөрүнө, Россияга агылган жаштарды токтотуу барган сайын кыйын болуп калышы мүмкүн.

Өзгөнүн өнүгүшүнөсалым кошпой,өзүбүздү өнүктүрсөк

Тышкы миграциядагы дагы бир маани бере турган маселе мекендештерибиздин эч кандай билими, даярдыгы жок туруп сыртка чыккандыгы. Даярдыксыз чыгуунун кесепетинен кыргызстандыктар ар кандай жагдайларга кириптер болуп, айрым мекендештерибиз күтүүсүздөн чет өлкөлөрдө кылмышка аралашып калып жатат. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, учурда 1418 кыргыз жараны чет өлкөлөрдө жазасын өтөп жатат. Бул соттолгон адамдардын айрымдары бирөөнүн атасы, апасы же бир үй-бүлөнүн жалгыз таянары да болушу ыктымал. Алардын арасында билимдүү, тажрыйбалуу адис жок деп да айтууга болбойт. Демек, ар бир кыргызстандык сыртка чыгууда өтө этият болушу керек. Анан, албетте, мамлекет тарабынан да сыртка чыгып жаткан кыргызстандыктарга тыкыр көзөмөл жүргүзүлүшү кажет. Болбосо жылдан жылга өлкөбүзгө керектүү мыкты кадрлардан азая берери турган иш.

Бул жагынан алганда Президент Садыр Жапаровдун өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча жыйынында өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар бир жарандын салымы маанилүү экенине токтолгону да жөндүү. Президент айткандай, Кыргызстан азыр таланттуу, тажрыйбалуу, жаратман жаш кадрларга өтө муктаж. Ошол эле мезгилде өлкө башчысы айткандай, эмгек мигранттарынын акча которуулары калктын негизги киреше булагы болбошу керек жана тышкы миграция элдин бакубат жашоосунун кепилдиги болуп бере албайт. Ошондуктан мамлекет тышкы миграцияны азайтууга аракет кылып, аны менен бирге ар бир кыргыз атуулу ата-энесинин, үй-бүлөсүнүн, Мекендин алдындагы жоопкерчилигин сезүүсү керек.

Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар