Пятница, 3 мая, 2024
23.1 C
Бишкек

Ормонали ИДИРИСОВ, сүрөтчү: «Чыгармаларың сатылабы, сатылбайбы, жаңыларын жарата бересиң»

  Анын сүрөттөрү өтө кызыктуу. Кыл калеминен жаралган эмгектеринде чыныгы турмуш менен фантазия жанаша жашап, бири-бирине айкалышып, өзгөчө стилде баяндалат. Чыгармалары бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, Япония, Германия, Россия, Индия, ЮАР жана башка өлкөлөрдө коюлган.
Ормонали ИДИРИСОВ 1959-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Киркол айылында туулган. 1990-жылы Ленинград жогорку көркөм өнөр-өндүрүштүк окуу жайын бүтүргөн. 1990-2000-жылдары С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайында сабак берген. 2000-жылдан бери Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында мугалимдик кесипти аркалап келет. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын жана көптөгөн чет элдик дипломдордун ээси, “Билим берүүнүн мыктысы”.

– Ормонали мырза, Ленинград шаарында билим алган экенсиз. Кандайча барып калдыңыз?

– Ленинград совет мезгилинен сүрөтчүлөр эңсеген шаар, искусствонун борбору болгон. Аскерде кызмат өтөп келгем. Ошол учурда биздин айылдык 3 бала Ленинград шаарындагы токой чарба техникумуна тапшырып калышты. Аларды көрүп, мен да бул калаага барууну эңсеп, дегдеп калдым. Анан аларды ээрчип жөнөй бердим. Ленинградда сүрөт окуу жайына тапшырардан мурда Кыргызстандан билим алып, даярданып алып барышым керек экенин билчүмүн. Бирок, убакытты текке кетирбей, керемет  шаарга жумушка орношуп, окууга даярдана баштадым.

Ал жер маданий борбор болгондуктан, даярданууга жакшы шарттар бар эле. Фабрикада аскерлештирилген күзөткө жумушка орноштум. Бир сутка иштеп, эки сутка эс алчумун. Кечки даярдоо курсунда окуп, ар түрдүү сүрөтчүлөрдүн сабагына катыштым. Ал кезде окууга тапшыруу өтө оор болчу. Көп балдардын арасынан суурулуп чыгыш керек. Ошентип, 3 жыл дегенде өзүм көксөгөн окуу жайга өткөм. ?

– Муну модерн стили деп коет. Окуп жүргөн кезде баарыбызга бирдей тапшырма берилип, реалисттик сүрөттөрдү тартчубуз. Анан окууну аяктаганда, ар ким ар башка жолго түштү. Ой жүгүртүү, фантазия кенен болгондо, реалдуулуктан алыстайсың. Рамкадан чыккың келет. Ошентип, кээде башы чоң, буту кыпкыска адамды тартып коесуң. Экинчиден, сиз айткандай, мен боекторду айкалыштырып иштейм. Башкалар да «түстєрдү абдан сезесиң» деп айтышат. Андыктан, ошол жагына акцент коем.  Бул стиль батыш өлкөлөрүндө көбүрөөк бааланат.

– Иштериңиздин канчасы көкүрөк дүйнөңүз менен өзүңүз каалаган темада, канчасы буюрт-ма менен тартылат?

– Мен азыр дээрлик бардык учурда өзүмдүн жан дүйнөм тарткан нерсенин үстүнөн иштейм. Артымда эмгек калтырып кетким келет. Адам ар убакта түрдүү көңүлдө болот. Ошого жараша кээде жылуу колоритте, кээде муздак сүрөттөр жаралат. Кээде жашоодо кызыктуу ойлоруң  композицияга чагылдырылат. Албетте, анча-мынча буюртма болуп калат, аны да тартам. Бирок, басымдуу өз чыгармачылыгым менен алектенем.

– Чыгармаларыўызда кара-пайым жашоо, андагы адам бактысы жана кайгысы катылгандай сезилет?…

– Чыгармаларымдын баары балалыктан башталат, ага көп кайрылам. Ошол кездеги жалпак тамдар, чаң көчөлөр, базар, үй жандыктар, май чырактар жана башкалар көкүрөккө жакын, анан да алар өзгөчө колорит берет.
Кээде жаратылышка суктанып этюд жазабыз. Кээде жаңы жерди көргөндө, кызык сезимдер келет.

– Азыр мында түркүн түстөгү чыгармаларды көрүп турам. Негизи, сүрөтчүлөр өз эмгектерин кандайча баалайт?

– Баалоо өзүнчө кызык иш. Сүрөтчү ар бир эмгегине жан дүйнөсүнүн бөлүкчөсүн салат. Кайсы сүрөткө канча салды, ошого карата, анан, албетте, арт рынокко жараша баалайт. Баалар ар бир мамлекеттеги адамдардын жашоо деңгээлине, мүмкүнчүлүгүнө, өтүмдүүлүгүнө жараша субъективдүү коюлат. Автор ага канча баа койсо да өзү билет. Єтө кымбат баалап, сатпай эле койсо да болот. Маселен, Кыргызстанда арт рынок өнүккөн эмес. Ошондуктан, биздеги кардарлардын алуу шартына да карайсың. Эмгекти 500 доллардан өйдө баалап койсоң, кардарлар аз болуп калат. Ага жеткирбей койсоң өзүң нааразы болуп каласың.

Картиналар убакыт менен да бааланат. Канчалык убакыт өтсө, ошончолук баалуу болгон учурлар бар. Сүрөтчү көзү өтүп кеткенден кийин анын эмгектеринин атагы чыгып, анын чеберчилигине суктанган кардарлар көп болгуп, баасы асман чапчып кетиши мүмкүн.

Кээ бир сүрөтчүлөр кыйналып жашап, сүрөттөрүн сата албай, өмүрүндө бир-эки эле сүрөт саткан учурлар болгон. Бирок, көп жыл өткөндөн кийин ал чыгармалар миллион долларга бааланган. Анын пайдасын сүрөтчү өзү эмес, туугандары эмес, башкалар көрүп калышты. Мисалы, жашоосу легендага айланган голландиялык Ван Гог боек, кыл калем алганга акчасы жок, инисинен каражат сурап: «Мен бир чыгарма жазып жатам, акча жөнөтүп жиберчи», – деп, өзү тартчу эмгегин сүрөттөп жазган учурлар болгон. Кийин ошол каттар коллекционерлердин бизнесине айланып кетти, анан музейлер алган. Ал акчасы жок болгондуктан, курсагын тойгузуш үчүн гана сүрөт тарткан күндөрү болгон. Бирок, өзү ошол эмгекти жаратуудан рахат алган. Тыйыны жок болсо да, көңүлү кєккө жеткен. Эмне деген шедеврлерди жаратып кетти? Азыр ар бир сүрөтү миллион доллардан турат. Тилекке каршы, аны өзү көрбөй калды. Көбүн өзүн дарылаган дарыгерге берген. Ал деле түшүнгөн эмес, баласы сүрөттөрдү тир кылып аткылап ойногон. Ван Гог өлгөндөн кийин анын эмгектери абдан бааланып, коомдук талкууларды жараткан. Ошондо дарыгердин баласы тоокканасындагы тешикти бүтөп койгон сүрөттү тазалап алып барган. Ошол сүрөт анын болгон байлыгынан жогору бааланган. Мындай тагдырлар өтө көп.

Сүрөтчүлөр арасында өтө бай, тирүү кезинде атагы чыгып, таанылган Пикассо сындуулары да бар. Өзүнүн учагы менен дүйнөнү кыдырып, жан сакчыларды жандатып жашап өттү. Сүрөттөрү дүйнөлүк сенсация жаратып, ошол «бакытты» өзү көрүп калды. Рубенс да ошондой.

– Азыр Кыргызстанда сүрөт искусствосу кандай бааланат, сүрөтчүлөргө мамлекет кандай колдоо көргөзөт?

– Жалпысынан алганда, искусствонун бул түрүнө кызыккандар көп эмес. Советтер Союзу учурунда атайын мамлекеттик буюртмалар болуп турчу. Көргөзмөлөр өткөзүлүп, анда эмгектериңди жакшы баага сатуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Ошол иш-чаралар стимул болуп, чоң сүрөттөрдү тартышчу. 30 жылдан ашык убакыттан бери мамлекет тарабынан сатып алуу болбой калды. Анан ар бир сүрөтчү өз алынча жашап жатышат. Ар ким өз жолун издеп  таап дегендей. Кардарга кандай жагам деп, кантип өтүмдүү «товар» жасайм деп ойлонуп, аракет жасайт.

Эми, чынында бул чыгармачылык эмес, жан багуу. Чындап чыгармачылык менен иштейм десе, ачка калышы мүмкүн. Ошондуктан, дал ушул багытка түшкөн сүрөтчүлөр көп. Мурдагыдай галереялар жок. Бирин-серин бизнесмендер эле сатып албаса, сатуу токтоп калды. Анан чет мамлекеттен келген туристтер алышы мүмкүн. Бирок, алар деле Кыргызстандан эстелик катары сувенир үчүн чакан иштерди алышат.

Ошого карабай кыргызстандык сүрөтчүлөр колунан келишинче иштеп жатышат. Ар бир сүрөтчүнүн кардарлары бар. Менин чет мамлекеттик кардарларым бар, сүрөтүмдү сатып алат, коллекция топтошот. Маселен, Германия, Швейцария, Америкадан көп сатып алышат, албетте, стабилдүү эмес. Ар кандай эл аралык жана республикалык көргөзмөлөр болуп турат. Мен ошол көргөзмөгө такай катышам. Дүйнөнүн ар тарабына чакырыктар болуп келди. Бир топ мамлекетке барып, ишибизди көргөзүп, алардагы сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы менен таанышып келген учурлар болду. Венгрия, Германия, Кипр, Индия, Түркия, Түштүк Корея, Канадада жана башка жерлерде болдук.

Чындап келсе, чыгармачыл адамдар эч нерсеге  карабай жаңы чыгармаларды жарата берет. Сүрөтчү дайыма изденип, эргүү ойлор менен жүрөт, сезимтал болот. Чыгармаларың сатылабы, сатылбайбы жаңыларын жарата бересиң.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
«Кыргыз Туусу»

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар