Среда, 1 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

«Ак илбирс» эко-спектаклинин бет ачары өттү

Кечээ, 7-апрелде Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында «Ак илбирс» эко-спектаклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спектакль белгилүү жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде Жамал Сейдакматова атындагы «Тунгуч» жаштар драма театры тарабынан даярдалган.

“Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бараткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт.

Спектакль президенттин колдоосу менен коюлууда. Анын максаты — калктын экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, Кыргызстандын өкмөтүнө экологиялык саясатты жакшыртууга көмөк көрсөтүү, Кызыл китепке кирген жаратылышты жана жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгун белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүү болуп саналат.

Режиссёру — Гаухар Ажигулова.

Белгилей кетсек, спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар