Вторник, 30 апреля, 2024
18.1 C
Бишкек

Кыргызстан жөнөткөн гумжардам Казакстанга жетти

Суу ташкынынан жабыркаган коңшу Казакстанга Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн мурун, 8-апрелде саат 22:15те келген кербенди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алып, кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык катын тапшырышкан.

Алар ошондой эле бир тууган кыргыз эли жардамга алгачкылардан кол сунганын билдирип, эки элдин бир туугандыгы, ынтымагы далилделери, мындан ары да коңшулаш мамиле бекемдерин билдиришкен.

«Жардам кербени»— Жамбул, Түркестан, Кызылорда жана Актөбө облустарына бөлүндү.

Белгилей кетсек, Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам унаалары багыт алды.

Ал эми 8-апрелде Костанай облусуна жөнөтүлгөн жардам кербени түнкү саат 01:30да жеткен. Учурда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана ИИМдин жол коопсуздук өкүлдөрү коштоп жүрүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар