Вторник, 30 апреля, 2024
21.1 C
Бишкек

Азия чемпионаты-2024: Беш балбаныбыз килем үстүнө чыгат

«Бишкек-Арена» шаардык муз аянтчасында чоңдор арасында күрөш боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты уланууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бүгүн мелдештин экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 медаль топтому ойнотулуп, кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат. Алар:

— Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
— Канат Керимбеков (74 кг);
— Атай Изабеков (86 кг)
— Нуртилек Карыпбаев (92 кг);
— Айаал Лазарев (125 кг).

Беттештер саат 11:00 дө башталат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар