Вторник, 30 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Жалал-Абадда жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн. Учурда сел сууларды мотопомпанынын жардамында сордуруу иштери жүрүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар