Тажикстан Түркиянын жарандары үчүн виза режимин киргизди.
Жаңы эреже 20-апрелден тарта иштей баштайт. Тажикстандын ТИМи мындай чечим өз ара иштешүү принциби боюнча кабыл алынганын айткан.
Буга чейин Эрдоган тажикстандыктар үчүн визасыз режимди жокко чыгарган. Ага эмне себеп болгону айтылган эмес.