Вторник, 30 апреля, 2024
18.1 C
Бишкек

Ататүрк паркында 198 объект мыйзамсыз курулган

Ататүрк паркында 198 объект 43 га жерге мыйзамсыз курулган. Жер тилкелери 2000-жылдын башынан 2010-жылга чейин берилген. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Ал мыйзамсыз курулган үйлөр буздуруларын билдирди, «Бардык имараттарды бузуу башкы максатыбыз эмес. Мурда бекитилген 107 гектарлык чек арага кайтарып, мыйзамга ылайык келтирүү — негизги милдет. Ар бир маселени жекече кароого даярбыз. Токтомдо ишке ашыра турган кадамдар белгиленген. Анын ичинде бузуу, күнөөлүүлөрдүн эсебинен келтирилген зыянды калыбына келтирүү сыяктуу ар кандай механизмдер колдонулат. Балким, айрымдары боюнча сот, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келиши ыктымал. Учурда жерлерди өз ыктыяры менен муниципалитетке өткөрүп берүү боюнча билдирүүлөр жиберилүүдө. Ал эми учурунда кабыл алынган чечимдерди мыйзамсыз деп эсептөөдөбүз, демек, кенемте боюнча маселе каралган жок», — деди Жунушалиев.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар