Среда, 1 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Дин – дилибизде, а биз кайда баратабыз?

Балалыгым исламдын тазалыгын, Жараткандын жалгыз экенин, анын кудуретин угуу менен өттү. Бой жеткиче эле атамдын пайгамбарлар тууралуу баяндарын эшитип өстүк. Ал эле эмес, «Манас», «Эр төштүк» сыяктуу эпостордон үзүндүлөрдү айтып берчү. Балким, адамдарга жакшылык гана каалаганымдын себеби ушундан болгондур? Ар бир адам өз кылган иши, айткан сөзү үчүн Жараткан алдында жооп берет дегенге дилимде терең ишенем.

Кийин исламдын улуулугун дагы да билгим келип, башка диндер менен салыштырып, христиан багытындагы ар кандай диний агымдагылар байырлаган жерлерге барып, аны тутунгандардын катарында мен жакшы тааныган жаш кыздар бар экенин көрүп, жүрөк ооруган күндөр да болду. Курани Каримдин кыргызча которулганын окуп, исламда туура эмес багыт деп таанылган ахмадиячылар менен баарлашып, ар кандай өңүттө сүйлөшүп, талашып-тартышкан учурлар болду.

Адам дегениң кызык экен, кайда барсаң да, Жаратканды издегенин көрөсүң. Бирок, ар ким Ага баруучу жолду ар башкача тандап алган. Болбосо, баары тең эле бир Кудайды издешет, аны табышат, анын алдына барышат. Анан эмнеге бири-бирине душман болушуп, көз караштар боюнча бөлүнүп, айтышып, ал тургай атышып, согуш чыгарып жатабыз? Эмнеге толеранттуу эмеспиз? Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын статистикасы боюнча, учурда өлкөбүздө ислам дининдеги уюмдардын саны – 4144. Анын ичинде – 3436 мечит, – 122 медресе, 86 окуу жайлар, 9 казыят, 38 диний уюмдар, 51 кайрымдуулук диний уюмдар, христиан дининде-395 уюм бар экен.

Беш маал намаз окуп, дилин таза кармагандарга суктануудан тажабайм. Бирок, динди жамынып, тескери иштерге барып жаткандарды көрүп, жүрөк
ооруйт. Албетте, анда Исламдын күнөөсү жок, күнөө – адамдарда. Бетине кара чүмбөт жапкан аялдарды көрүп, кабатыр болуудабыз. Бирок, ал үчүн Исламды жаман көрбөйлү, ал ар бир адамдын ой жүгүртүүсүнө, билим деңгээлине жана каалоосуна жараша жасалган иш.

Ооба, кийинки кезде кийим боюнча көп талаш-тартыш пикирлер болуп келүүдө. Арабдарды туурап узун көйнөк, дамбал менен жүргөндөрдү, жаш курагына карабай сакал койгондорду сындагандар көп. Алар болсо «кыска көйнөк кийип, жоон санын көрсөтүп жүргөндөрдү көрбөйсүңөр» деп жүйө келтиришет. Ошентип, көз караштар согушу жүрүүдө.

Менимче, эң башкы маселе кийимде эмес, жүрөктө. Бирок, биз батыш элин же арабдарды жана башкаларды туурабай кадыресе, боюбузга жарашыктуу кийим кийип, бетибизди чүмбөттөбөй, өз каадабыз, наркыбыз менен жашасак болот эмеспи?

Азыр актуалдуу болуп жаткан виртуалдуу жашоодо ар кандай окуяларды талкуулоо кызуу жүрүүдө. Жакында эле Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болушу, алып баруучу Нурзат Токтосунованын кыз узатуу тоюнда колуктуну араб тилиндеги ыр менен узатканы катуу талкуу жаратты, ачуу сөздөрдү агыткандар, колдоп-алкагандар болду.

Дин – ар бир адамдын жүрөгүндөгү ишеним, ыйык сезим. Бирок, башкалардын көз карашы үчүн социалдык желеде бирөөнү сөзсүз сөгүп, тилдеп, ыплас, оозго алгыс  сөздөрдү агытып туруу эч бир динде жок. Мусулмандар биринин жүрөгүн бири оорутчу эмес эле. Каргаган, башка жагымсыз сөздөрдү айтканыбыз кандай гана өкүнүчтүү. Ислам мамилелердин дини, мында адамдар менен сүйлөшкөнүң, кандай мамиле кылганың, ар бир адамдын ыйманына байланышкан маселе. Ооба, ар бир адамдын өз ою бар дечи. Бирок, баарынан мурда мамлекетибиздин бүтүндүгү керек бизге. Жаатташып, жаакташып, бөлүнүп жарылып, салттуу диндердин бирине да жатпаган, ыйманга коошпогон жоруктарыбыз менен жолдо калышбыз мүмкүн. Үйүнүн ичиндеги акиташты кырып салып, капкара бөлмөгө намазкана ачып, балдарын коомдон бөлүп алгандар, кыздарын мектепке жибербей, үйүндө камап койгондор чыкты коомубуздан. Бул жакшы эмес. Андыктан жети атабыздан келген наркты, эң башкысы – адамдык асыл сапаттарыбызды сактап, маалымат каражаттарында, интернет булактарында бир-бирибизге жан кейиткен сөздөрдү айтпасак дегим келет.

Кийим жөнүндө сөз болгондо, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Кадыр Маликов берген маектеринде айтканы бар: «Көп жаштар чет өлкөгө билим алганы барып, ал жактын маданиятын көчүрүп, бул жакка алып келишет. Бирок мен айткым келет, ислам жок кылуучу дин эмес, тескерисинче, Аллах биздин ар башкача болушубузду каалайт. Бул үчүн Куранда: “Мен силерди ар кандай эл, уруу кылып жараттым” деген аяты бар, б.а., биздин ар түрдүү болушубуз Аллахтын каалоосу, анткени ошо менен исламды кооздойбуз. Айланаңыздагы дүйнөнү караңыз, баары ар түрдүү, гүлдөр башка, дарактар башка. Адамдар да ар башкача болушубуз керек. Бирок биздин эң жакшы сапаттарыбыз – амалыбызда, ниетибизде, жүрүм-турумубузда, такыбалыгыбызда. Ислам дини кыргыздарды же башка улуттарды жоготуп жибербейт, ошол себептен алар өз тарыхын сактап келишет».

Учурда биздин өлкөдө диний көз карашта билинбеген менен карама-каршы пикирлер абдан көп. Бирок, аны тунук акыл менен чечип алсак болот. Андан башка да маселелер бар. Ынтымакка келип, балдарыбызды билимге сугаралы, мусулманчылыктын жана ата-бабалардын асыл эрежелери менен тарбиялайлы. Мекенибиздин кооз жерлерине алып баралы. Жаратылышка жакын балдар мекенчил болот. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн салым кошолу. Кайда окутпайлы, кыргыз экенин эстетип туралы. Себеби, ааламдашуу убагында биздей кичинекей эл бат эле жоголот.

Дүйнөдө жүрүп жаткан геосаясый оюндар биздин өлкөгө таптакыр жолобойт деп ким кепилдик берет? Азыр динди үстүртөн түшүнгөн адамдар ар кандай провокацияга алдырбайт деп кимибиз айта алабыз?! Сокур диний таасирде өскөн балдар, кийин ким болот? Муну ойлогондон да коркосуң. Кичинекей өлкөбүздө алаамат болуп кетпесе экен деп чочулайсың.

ИИМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 21 экстремисттик жана террористтик уюмдардын (экстремисттик – 3, террористтик – 7, экстремисттик жана террористтик – 9, деструктивдүү – 1, С.Бурятскийдин үгүт материалдары  – 1) ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ошондой эле, республикабыздагы 3390 мечиттин 518и каттоодон өткөн эмес. 333  намазкана жана 124 медресе, 291 христиандык-протестанттык багытындагы  диний уюмдар жана агымдар катталган.

Жумагүл Барктабасова, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар